Ошто салмагы 800 кг, жалпы узундугу 73 чакырымдык балык кармоочу торлор жок кылынды
Бажы кызматкерлери Кытайдан контрабандалык жол менен алып келинген салмагы 800 кг, узундугу 73 чакырым болгон балык кармоочу торлорду кармап, экологдор менен бирге жараксыз абалга келтиришкен. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош аймактык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратылыш ресурстары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн Кара-Суу району боюнча аңчы адиси Урустам Абдыкеримов билдирди, деп жазат "Турмуш" басылмасы.
Анын айтымында, кечээ, 30-сентябрь күнү аталган бөлүмдүн Кемпир-Абад, Папан суу сактагычынан алынган торлору, Бажы кызматкерлер кармаган торлор комиссиялык тартипте жок кылынган.
«Биздин башкармалыкта колго түшкөн торлорду жок кылуу атайын комиссия түзүлүп, башкармалыктын атайын буйругунун негизинде Папан, Кемпир-Абад, Алайдан кармалып, топтолгон торлорду түзүлгөн комиссия менен биргеликте жок кылдык. Биздин торлор жалпы 700 метрди түзөт болчу.
Ошону менен бирге Бажы кызматынын кызматкерлери контрабандалык жол менен Кытайдан келген 800 кг торлорду кармаптыр. Торлор 16 капка салынып, ар бир капта 50 даанадан экен. Ар бир даанасы 10 метрди түзөт экен. Ал торлордун жалпы салмагы 800 кгмды түзүп, узундугу 73 чакырым болору маалым болду. Аларда биз менен бирге комиссиялык тартипте акт түзүлүп, торлорду жок кылышты»,- деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.