Бекназ Алмазбеков Украинанын "Рух Львов" клубуна өттү

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын оюнчусу Бекназ Алмазбеков Украинанын "Рух Львов" клубу менен 3 жылдык келишимге кол койду.

Ал аталган клубда 77-катар саны менен ойнойт.

Буга чейин Алмазбеков Түркиянын "Галатасарай" клубунун жаштар командасында ойноп, өзүнүн жаркын оюндарын көрсөтө алган.

2023/2024-жылкы сезондо Косовонун "Лапи" клубунда ойногон.

Бекназ Алмазбеков алгачкы жолу 2022-жылдын 11-июнунда Кыргызстан-Мьянма оюнунда дебют жасаган.

"Лух Львов" клубу учурда Украинанын Премьер-Лигасында 7-орунда баратат. 

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз