Жаратылышка зыян келтиргендерге 45 миң сомдук айыппул салынды

 
Ош облусунун Араван районунда жана Кара-Суу районунда тийиштүү жолдомо кагаз албай, аң уулоо эрежелерин бузуп, кекилик кармаган эки жаран катталды. Алардын бирөөнө КР Укук бузуулар кодексинин 261-беренесине ылайык 10 миң сом айыппул салынып, 10 миң сом доо коюлду. Дагы бирөөнө тийешелүү жолдомо кагазы жок ок атуучу куралы менен жүргөнү үчүн 12 500 сом айыппул салынды.
 
Бул факт NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн “Барс-2” тобунун кызматкерлери КР ЖРЭжТК министрлигинин Ноокат, Өзгөн районун егерлери, аталган министрликтин Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору менен биргеликте иш чара өткөрүлгөн рейддин натыйжасында белгилүү болду.
 
Мындан сырткары, Ош шаардык милициясынын кызматкерлери менен биргеликте калаадагы “Кайырма” каналынын жээгинде мыйзамсыз аңчылык курал алып жүргөн жарандар кармалып, аларга да Укук бузуулар кодексинин 263-берене ылайык, 12 500 сом айып пул салынды.
 
Бул иш-чаралар мыйзамсыз аң уулоону алдын алуу жана жапайы жаратылышты коргоо максатында өткөрүлдү.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз