Жапайы жаныбарлар жаратылышка коё берилди
Чүй облусунун Кемин районундагы Суулуу-Терек коктусуна 12 кекилик жана 2 жаман сары, ал эми Чоң-Кемин өрөөнүнө 2 чүткөр (дикобраз) жаратылышка кое берилди. Бул тууралуу NABU Кыргызстан уюмунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин чүткөр менен кекиликтерди КР ЖРЭжТР министрлиги менен Чүй облустук милициясынын кызматкерлери Кемин районундагы “Кемин Ордо” эс алуу жайында мыйзамсыз кармалып турган жеринен алып, NABU Кыргызстан уюмуна өткөрүп беришкен. Натыйжада алар уюмдун Суулуу-Терек коктусундагы жапайы жан жаныбарларды кайра калыбына келтирүүчү реабилитациялык борборунда багылып турган.
Ал эми жаман сары аталган реаборборго ушул жылдын июнь айында, Ысык-Көл облусунун Тоң районунан жарат алып, уча албай калган жеринен алынып келген. Андан бери калыбына келтирилип, эми эркиндикке кое берилди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.