БШК шайлоо округдарды бекитти

 
Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өтө турган Жогорку Кеңеш шайлоосу үчүн шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын бекитти.
 
Өлкөдө 4,2 миллион шайлоочу катталган. Алар 30 көп мандаттуу шайлоо округуна бөлүндү. Ар бир округда орточо 143 миң шайлоочу болот. Бул бөлүштүрүү аймактардын географиялык жана административдик өзгөчөлүктөрү эске алынганын билдирет.
 
Чечимди кабыл алууда облустардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери жана жумушчу топтун мүчөлөрү катышып, аймактардын сунуштары эске алынган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз