Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингден чыгарылды

Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингден чыгарылды.

Жаңы рейтинг Хорватияда 13–21-сентябрь күндөрү өткөн дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында түзүлгөн.

Тыныбекова Париждеги Олимпиадада коло медаль уткан соң спорттук карьерасын убактылуу токтотконун жарыялаган.

Анын артынан ал Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти болуп шайланып, жакында UWWнин Спортчулар комиссиясынын мүчөсү болгон.

2024-жылдын жыйынтыгында Тыныбекова 62 кг чейинки салмактагы дүйнөлүк рейтингде 3-орунда турган. Бирок апрелде өткөн Азия чемпионатынан кийин 5-орунга түшүп калган.

Июнь айында 7-орунда болсо, Хорватиядагы дүйнө чемпионатынан кийин тизмеден толук чыгарылган.

Азыркы учурда бул салмак категориясында Кыргызстандан Калмира Билимбек кызы бар, ал 21-орунда жайгашкан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз