Өкмөткө бөлүнүүчү акчанын айрым бөлүгүн Конгресс өткөрбөй койгону үчүн АКШнын Украинага бериле турган жардамы кечеңдеши мүмкүн

АКШ өкмөтүнүн иши убактылуу токтоп калганына байланыштуу Украинанын курал-жарак алуудагы жеткирүүлөрү кечеңдеши мүмкүн, деп жазат The Telegraph булактарына таянып.

«Бардык келечектеги долбоорлор бир аз жабыркайт, анткени Пентагондун, Мамлекеттик департаменттин жана Ак үйдүн өкүлдөрү жолуга алышпай жатат, бул токтоп калуудан улам убакытты жоготуп жатабыз», — деп билдирген басылмага Украин өкмөтүндөгү булак. Анын айтымында, жакынкы апталарда АКШга баруусу пландалган украин делегациялары да өз пландарын кайра карап чыгышууда.

Азырынча абалды күтүп турган маселелердин бири — баасы миллиарддаган долларга жетиши мүмкүн болгон учкучсуз учактар боюнча мүмкүн болгон келишим. Сентябрда АКШ НАТО өлкөлөрү тарабынан каржыланган Украинага 500 млн долларлык жардам пакетин бекиткен. The Telegraph белгилегендей, бул жеткирүүлөргө өкмөт ишинин токтоп калышы (шатдаун) таасир этеби же жокпу — азырынча белгисиз.

1-октябрдан тартып АКШ өкмөтү ишин токтоткон. Мунун себеби — Конгресстеги республикачылар менен демократтар жаңы каржылык жылдын бюджети боюнча келишимге келе алышпагандыгы. Мамлекеттик кызматкерлердин көбү акысыз өргүүгө чыгарылды. Ал эми иши өтө маанилүү деп эсептелген кызматкерлер — аскерлер, дарыгерлер, чек арачылар, транспорт кызматкерлери — эмгек акысыз иштөөгө аргасыз.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз