Орусия Казакстан менен чек аралаш жериндеги оор жүк ташуучу автоунаалардын кезеги боюнча комментарий берди

Орусиянын Федералдык бажы кызматы Казакстан менен чектеш бардык автоунаа өткөрмө пункттары кадимки тартипте иштеп жатканын билдирди.

«19-сентябрдан тарта Казакстандын аймагында Орусияга кирүүнү күткөн жүк ташуучу унаалардын топтолуусу пайда болду. Бирок өткөрмө пункттардын өзүндө тыгындар жок, баары кадимки режимде иштеп жатат», — деп айтылат жарыяланган билдирүүдө.

Федералдык бажы кызматынын маалыматына караганда, бажы органдары Казакстан менен чек арадагы өткөрмө пункттарда текшерүү иштерин жүргүзбөйт жана унаалардын өтүшүнө же алардын андан ары Орусия аймагында жүрүшүнө тоскоол болбойт.

«Мыйзамсыз ташылып жаткан товарларды аныктоо иштери чек арага жакын, Орусиянын аймагында жүргөн мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлөт. Алар транспортту тандап текшеришет, эгер бардык документтер туура болсо, текшерүү 8 мүнөттөн ашпайт», — деп билдиришти бажычылар.

Ведомствонун айтымында, бул чаралар «бузук» импорттук схемаларга каршы күрөшүүгө багытталган. Көпчүлүк учурда мындай товарлар эл керектөөчү сапатсыз буюмдар болуп, алардын колдонулушу адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурушу мүмкүн экенин бажы кызматкерлери белгилешти.

2025-жылдын 9 айында ФБКнын мобилдик топтору мыйзам бузуу менен ташылып бараткан 123 миң тонна жүктү алып бараткан 8 миң транспорт каражатын аныкташкан. Мындай жүктөрдүн айрымдары Украинада согушуп жаткан орус аскерлеринин муктаждыктарына жөнөтүлөт.

Негизги категориялар:

жыгач материалдары – 18,9 миң тонна;

алып коюлган товарлар – 1,7 миң тонна;

белгиленбеген (немаркированные) товарлар – 1,4 миң тонна;

санкцияланган товарлар – 550 тонна;

тамеки продукциясы – 64,5 тонна;

контрафакт (жасалма) товарлар – 23,7 тонна.

«Ден соолукка зыянсыз буюмдар Россиянын Коргоо министрлигине СВОнун муктаждыктары үчүн (2022-жылдын февралынан бери уланып жаткан толук масштабдуу орус-украин согушу, Орусияда расмий түрдө "атайын аскердик операция" деп аталат) жана гуманитардык уюмдарга өткөрүлөт», — деп билдиришти ФБКдан.

Орус бажычылары жүргүзүлүп жаткан көзөмөл иш-чаралары ак ниет ишкерлерге тоскоолдук жаратпайт жана мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюуга гана багытталганын кошумчалашты.

21-сентябрда Казакстандын Транспорт министрлиги жүк ташуучу унаалар Казакстан-Орусия чек арасында топтолуп, транспорт логистикасын жайлатканын билдирген. Министрликтин маалыматына ылайык, тыгындардын себеби — орус тараптагы көзөмөлдүн күчөтүлүшү.

Ошол эле учурда, октябрдын башында орусиялык ЖМКлар Орусиянын жүк ташуучулары Казакстан менен чек арадан өтө албай жатканын жазышкан. Айрым өткөрмө пункттарда Кытайдан келген жүктөр менен 2–3 миңге жакын жүк ташуучу унаалардын чоң тыгыны пайда болгону кабарланган. Негизги себеп катары Батыштын санкцияларын бузушу мүмкүн болгон жүктөргө катуу текшерүүлөр жүргүзүлүп жатканы айтылган. Алардын катарына электроника, дрондор, батыш бренддеринин кийим-кечелери жана башка товарлар кирет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз