Кара-Суу районунда жаратылышка зыян келтиргендерге 40 миң сом айып пул салынды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шут, Кырк-Кечү жайлоолорунда аң-уулоо эрежелерин бузган 3 жаран аныкталды. Алардын экөөнө КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263-беренесине (Аң уулоо эрежелерин бузуу) ылайык, 12 миң  500 сомдон 25 миң сом административдик айыппул салынды. Ал эми бирөөнө 6 кекилик атып алгандыгы үчүн аталган кодекстин 261-беренесине (Мыйзамсыз аңчылык кылуу же жаныбарлар дүйнөсүнүнү объекттерин кармоо) ылайык, 10 миң сом жана КР Өкмөтүнүн № 244 токтомунун негизинде 2 миң сомдон жалпы: 12 миң сом доо коюлду.

NABU Кыргызстан уюмунун  түштүк бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, мындан сырткары, Папан суу сактагычында ышкыбоздук балык уулоо эрежелерин бузган 3 жаранга да Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 1000 сомдон 3000 сом административдик айыптар салынды.

«Ушул жылдын 4-6-октябрь күндөрү өткөрүлгөн аталган рейд NABU Кыргызстан уюмунун “Барс-2” тобу Жаратылыш ресурстары, экология жана техинкалык  көзөмөл министирлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору жана башкармалыктын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн егери менен биргеликте жүргүзүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Бул рейддердин алкагында, жаратылышка аяр мамиле кылуу, көл жээгин таза кармоо, таштандыларды таштабоо боюнча түшүндүрүү иштери кошо жүргүзүлдү.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз