Ноокатта мыйзамсыз кармалган кекиликтер жаратылышка кое берилип, балык уулагандарга доо айып пул салынды
Кара-Сууда уруксатсыз балыкка чыккандар менен Ноокатта мыйзамсыз кекилик кармагандарга айыппулдар салынды. Мындай маалыматты NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычы жана Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги Дара зонасында балык корлорун сактоо максатында кезектеги рейддик иш-чара уюштурулду.
«Рейд NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн “Барс-2” тобу жана КР ЖРЭжТК министирлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, Ош-Баткен мергенчилер жана балыкчылар коомунун өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Папан суу сактагычында уруксат берүүчү документтери жок жана ышкыбоздук менен балык уулоо эрежелерин бузган 5 жаран аныкталды. Аталган мыйзам бузуу фактылары боюнча жарандарга Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө кодексинин” 266-беренесинин 1-пунктуна ылайык 5000 сом айыппул салынды»,- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле КР ЖРЭжТК министирлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын аңчы адистери менен биргеликте Ош облусунун Ноокат районуна ыкчам рейд өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө райондогу Абшыр-Ата капчыгайында Маткар-Ата эс алуу жайында 6 даана жапайы кекилик капастарда кармалып турганы аныкталды.
Жыйынтыгында жеринде акт түзүлүп, алынып “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин атайын беренесине ылайык, 10 миң сом өлчөмүндө административдик айыппул салынып канатууларды жапайы жаратылышка кое берилди.
Адистер жапайы жаныбарларды мыйзамсыз кармоо жана балык уулоого синтетикалык торлорду пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келерин жана мындай фактылар аныкталган учурда мыйзам чегинде чаралар көрүлөөрүн эскертип келишет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.