Ошто мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд: үч жаранга айыппул салынды

Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан суу сактагычында жана Ноокат районунун Киндик жайлоосунда мыйзамсыз балык кармаган жарандар аныкталды. Алар ышкыбоздук балык уулоо эрежелерин бузган деп табылып, 3 адамга миң сомдон айыппул салынды. Ал эми алардын арасында тийиштүү документтери бар, мыйзамдуу чыккандар да кездешти, деп билдирди NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, аталган рейд NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн “Барс-2” тобунун кызматкерлери КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын Биоартүрдүүлүк бөлүмүнүн Өзгөн районунун егери менен биргеликте өткөрүлдү.
 
"Иш-чаранын алкагында, жергиликтүү тургундардын арасында тиешелүү документтери жок балык уулоо – мыйзамсыз экени айтылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
КР Укук бузуулар жөнүндө Кодекске ылайык, балык уулоо эрежелерин бузган учурда жарандарга миң сомдон он миң сомго чейин, ал эми кармаган ар бир балыгына 505 сомдон айыппул салынат. Ошондуктан аларга ышкыбоздук балык уулоого мыйзамсыз чыкпай, уруксат алып чыгуу милдеттендирилет",- деп айтылат маалыматта.
 
Ушул эле иш-чаранын жүрүшүндө, Кара-Суу, Араван жана Ноокат райондорундагы Кичи-Алай, Чөгөм, Кашка-Суу, Тар-Жылга, Шут, Кожокелең, Жиптик аймактарында мыйзамсыз аң уулоого каршы рейд өткөрүлдү.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз