Сириядагы парламенттик шайлоо: Баштапкы жыйынтыктар жарыяланды
Сирия мурдагы президент Башар Асаддын өкмөтү кулатылгандан кийинки алгачкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялады. Al Jazeera агенттигинин маалыматына караганда, жаңыланган Элдик жыйынды түзгөн жаңы депутаттардын көпчүлүгү — суннит мусулмандар жана эркектер, деп жазат "CentralAsia" басылмасы.
Жаңы парламент жаңы Туруктуу Конституция кабыл алынганга жана жалпы шайлоо өткөрүлгөнгө чейин иш алып барат деп күтүлүүдө.
Жалпысынан Элдик жыйынга 210 депутат тандалат: алардын ичинен экиден үч бөлүгү (140 киши) атайын шайлоо коллегиялары аркылуу тандалып, калган 70 депутатты убактылуу президент Ахмед аш-Шараа дайындоого укуктуу.
Коопсуздук жана саясий жагдайларга байланыштуу бийлик үч провинцияда — Ракка, Хасаке жана Сувейде аймактарында добуш берүүнү убактылуу токтоткон. Ракка менен Хасаке азыр курд күчтөрүнүн көзөмөлүндө, ал эми Сувейдеде друз жоочулары менен өкмөттүк аскерлердин кагылышуулары болгон.
Мындан улам, өткөн дем алыштагы добуш берүүдө 119 депутат шайланган, 21 орун азырынча бош бойдон калууда. Сириянын жетекчиси жумуш жумасынын аягына чейин дагы 70 депутатты дайындоону пландап жатат.
Жаңы парламенттин курамына 6 аял кирген. Мурун шайлоо комиссиясы 1500дөн ашык талапкердин 14% аялдар экенин билдирген болчу.
Ошондой эле 10 орунду диний жана этникалык азчылыктардын өкүлдөрү — курддар, христиандар жана эки алавит ээледи.
Шайлоо комиссиясынын өкүлү Навар Неджме маалымат жыйынында белгилегендей, шайланган 119 депутаттын болгону 4% аялдар, бул көрсөткүч "Сирия коомундагы аялдардын орду менен ролуна туура келбейт" деди ал.
Неджме ошондой эле парламентке эки эле христиан киргенин, бул Сириядагы христиандардын үлүшүнө салыштырмалуу өтө аз экенин кошумчалады.
Анын айтымында, президент дайындоочу депутаттардын арасында коомдун айрым катмарларынын өкүлчүлүгүн толуктоого мүмкүнчүлүк бар, бирок ал парламент үчүн квота системасын киргизүүнү четке каккан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.