"Ак-Ордо-3 жаңы конушундагы өлүмгө шектелип жаткан адамды "Коопсуз өлкө" системасынын жарамы менен тапты, - Ф. Кулов

Сүрөт: "АКИпресс".

Шектүүнү кармоого «Коопсуз өлкө» системасынын жардамы менен мүмкүн болду деп саясатчы Феликс Кулов ички иштер министри Улан Ниязбековго шилтеме берүү менен өзүнүн баракчасында билдирди.

«Шектүүнүн кыймыл-аракетин Ысык-Көл облусунан Бишкекке чейин сырттан байкап турушкан. Кармоо маалында ал адам эки адамды өлтүргөнүн толук мойнуна алган», — деп жазган Кулов.

Ниязбековго шилтеме берип, Кулов бул иш президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө экенин белгилеген.

Эске салсак, кылмыш 3-октябрга караган түнү Ак-Ордо-3 жаңы конушундагы Ынтымак көчөсүндө болгон. Белгисиз адам жеке үйгө кирип, 34 жаштагы эркек менен анын 36 жаштагы эжесин өлтүргөн. Маркумдун жубайы үч баласы менен кошунасынын үйүнө качып үлгүргөн. Шектүү 7-октябрда кармалган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз