Путин мамлекеттик сапар менен Тажикстанга келди
Орусиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик сапар менен жана «Борбор Азия — Орусия» экинчи саммитине, ошондой эле КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Тажикстанга келди. Бул тууралуу Кремль билдирди.
Учактан түшкөн Путинди Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тосуп алды.
Мамлекеттик сапардын алкагында Орусия менен Тажикстандын сүйлөшүүлөрү өтөт. Эки өлкөнүн лидерлери стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелеринин өнүгүшүн ар кыл тармактар боюнча талкуулашат.
9-октябрда өтө турган «Борбор Азия — Орусия» экинчи саммитинин күн тартибине Орусия менен аймак өлкөлөрүнүн соода-экономикалык, каржы, өнөр жай, логистикалык, энергетикалык жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары кеңейтүү маселелери киргизилген.
10-октябрда боло турган КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында КМШ алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн практикалык маселелери каралып, келечектеги негизги иш багыттары аныкталат жана актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелер талкууланат.
Мындан тышкары, Владимир Путиндин бир катар өлкө лидерлери менен эки тараптуу жолугушуулары да пландалган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.