Ак-Ордо-3 жаңы конушундагы өлүм: шектүүнүн көрсөтмөсү, маркумдун аялынын баяны. Видео

2025-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда жасалган эки адамды өлтүрүү фактысы боюнча тергөө иштери уланууда. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматынын маалыматына караганда, кармалган жаран — 2006-жылы туулган И.С. — окуянын чоо-жайын көрсөтүп берүү үчүн кылмыш болгон жерге жеткирилген.

ИИМдин маалыматы боюнча, бул тергөө амалы Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 215-беренесине (“Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү”) ылайык жүргүзүлгөн. Шектүү кылмыш жасалган үйдө өзүнүн аракеттерин айтып, окуяны кандайча ишке ашырганын кайра кайталап көрсөткөн.

Маалыматка караганда, И.С. үйгө кандай жол менен киргенин жана жабырлануучуларга кандайча кол салганын да түшүндүрүп берген. Анын көрсөтмөсү видеого жазылып, кылмыш ишинин материалдарына тиркелген.

ИИМ бул тергөө иш-аракеттери шектүүнүн көрсөтмөлөрүн тактоого жана далил базасын бекемдөөгө жардам бергенин белгиледи. Учурда иликтөө иштери улантылып жатат.


Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз