Физика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттары белгилүү болду
2025-жылдагы физика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттары болуп британиялык Жон Кларк, америкалык Жон М. Мартиниз жана француз Мишель Х. Деворе аталышты. Алар бул сыйлыкка электр чөйрөсүндө макроскопиялык кванттык-механикалык туннелдөө жана энергиянын квантталышы кубулушун ачканы үчүн татыктуу болушту, деп жазат "Би би синин" орус кызматы.
Нобель комитетинин пресс-релизинде айтылгандай, физикадагы негизги суроолордун бири — кванттык-механикалык эффекттер байкала турган системанын эң чоң өлчөмү кандай болушу мүмкүн деген маселе. Быйылкы лауреаттар электр чөйрөсүндө эксперимент жүргүзүп, анда кванттык туннелдөө эффекти менен энергиянын кванттык деңгээлдерин көрсөтүшкөн. Бул система колго кармап көрүүгө болорлук даражада чоң болгон.
Жон Кларк 1942-жылы Кембридж шаарында төрөлгөн. 1968-жылы Кембридж университетинен докторлук даража алган. Учурда ал Калифорния университетинин (Беркли) профессору.
Мишель Х. Деворе 1953-жылы Парижде төрөлгөн. 1982-жылы Париж-Юг университетинен докторлук даража алган. Азыр ал Нью-Хейвен шаарындагы Йель университетинин жана Калифорния университетинин (Санта-Барбара) профессору болуп иштейт.
Жон М. Мартиниз 1958-жылы төрөлгөн. 1987-жылы Калифорния университетинин (Беркли) докторлук даражасын алган. Учурда Калифорния университетинин (Санта-Барбара) профессору.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.