Ош шаардык маданият башкармалыгынын имаратынын ордуна көп кабаттуу үй курулат

Ош шаардык кеңеши

Бүгүн, 10-октябрь күнү Ош шаардык кеңешинин 15-сессиясы өттү. Анда "Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 3-июлундагы №54 "Ош шаарынын аймагында жайгашкан тарыхый -маданий мурас объекттеринин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө " маселеси каралып, вице-мэр Замир Юсупов баяндама жасады. 

Анын айтымында, Ош шаардык маданият башкармалыгы жайгашкан имарат, "Ош шамы" гезити жайгашкан имараттар тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмесинен чыгарылып, ордуна муниципалдык ипотекалык ишканасы көп кабаттуу үй курарын билдирди. 

Жыйынтыгында депутаттар бул маселени колдоп беришти.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз