Быйылкы адабият боюнча Нобель сыйлыгына венгер жазуучусу Ласло Краснахоркаи татыктуу болду
2025-жылдагы адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты венгриялык жазуучу Ласло Краснахоркаи болду. Нобель комитетинин билдирүүсүндө айтылгандай, сыйлык ага «апокалипсистик үрөй учурган шарттарда да искусствонун күчүн кайрадан ырастаган ишенимдүү жана терең көрөгөч чыгармачылыгы үчүн» ыйгарылды, деп жазат "Би би синин" орус кызматы.
Ласло Краснахоркаи — Борбордук Европанын адабий салттарын уланткан эпикалык чыгармалардын автору. Анын чыгармачылыгы Франц Кафкадан тартып Томас Бернхардга чейинки эстетикалык мурастын чегинде орун алат жана абсурдизм, гротесктүү ашкере сүрөттөө менен мүнөздөлөт. Ошол эле учурда жазуучу чыгыш философиясына да кайрылып, көңүлгө тынчтык берген, терең ой жүгүртүүгө чакырган стили менен айырмаланат, — деп белгилейт Нобель комитети.
Ласло Краснахоркаи 1954-жылы Венгриянын түштүк-чыгышындагы, Румыния чек арасына жакын жайгашкан Дьюла аттуу чакан шаарчада төрөлгөн. Дал ушул алыскы айылдык аймак анын алгачкы романы болгон «Шайтандык танго» чыгармасынын негизги окуя жүрүүчү жери болуп калган. Бул роман 1985-жылы жарыяланып, Венгрияда чоң адабий сенсация жаратып, авторго кеңири таанымалдык алып келген.
Жазуучу маектеринде мындай деп айткан:
«Мен болгону бир эле китеп жазайын дегем — андан кийин башка иштер менен, айрыкча музыка менен алектенейин деп ойлогом».
«Шайтандык танго» романында коммунисттик Венгриядагы калк азайып ьараткан бир чакан айылга мурда өлүп калды деп эсептелген Иримиаш аттуу киши кайтып келип, элге жаңы жашоону убада кылган окуя баяндалат. Айылдын тургундары бул үмүткө ишенип, анын артынан ээрчий башташат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




