Ош шаарынын башкы финансисти Эсептөө палатасынын аудиттик текшерүүсү боюнча түшүндүрмө берди

Эсептөө палатасы тарабынан аудитор Бадахшан Рыскулиевдин жетекчилиги астында Ош шаарынын 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө шайкештик аудит жүргүзүлгөн.

Эсептөө палатасы таркаткан маалыматка ылайык, жалпысынан аудиттин жүрүшүндө 5 млрд 658,9 млн сом суммада  бузуулар жана финансылык кемчиликтер аныкталган.

Ушул маселеге байланыштуу  Ош шаардык мэриясынын каржы башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдыкадыров Turmush басылмасына түшүндүрмө берген.

Анын айтымында, мэриянын жана муниципалдык ишканалардын насыялык төлөмдөрү мэриянын балансында көрсөтүлбөгүндүгү боюнча маселе жаралган. Бирок, бюджеттен акча кымтып алуу фактысы болгон эмес.

«Эсептөө палатасы тарабынан Ош шаарынын 2023-жылкы бюджетинин аткарылышы боюнча 5 млрд 600 млн боюнча дал келүү жок деп маалымат таратышты. Негизинен эмне деген финансылык тартип бузуулар болуп жатат? 2 млрд 600 млн сом бул насыялар боюнча. Ош шаары буга чейин насыяларды алып келген. Алар жазгандай, ошол насыянын 1,5 млрд сому мэриянын балансында көрсөтүлгөн эмес деп. Биз аларга түшүндүрмө бердик. Эгер алар тараптан жазма буйрук келсе, биз ага дагы түшүндүрмө беребиз. Себеби, бул акчалар мэриянын балансында көрсөтүлбөйт. Отчет-каттоо баары Каржы министрлигинин борбордук казынасында жүргүзүлөт. Экинчи маселел, бул 1 млрд 1 млн сом, бул дагыд еле насыя боюнча. Негизги каражаттар деп коебуз, ошолор муниципалдык менчиктин балансына турушу керек деп атышат. Буга чейин насыя алган муниципалдык ишканалардын эсебинде болгон ал акчалар. Текшерүү келген мезгилде эле мэриянын буйругу чыгып, аталган ишканалардан акча кайра муниципалдык менчик башкармалыгынын эсебине алынып, кайтарылып, кайра аудит бүткөндөн кийин ишканалардын эсебине которулган», - деди Абдыкадыров.

Мэриянын башкы финансисти кошумчалагандай, мындан сырткары да чоң маселе жаралган. Анда шаарда жасалган иштердин акчасы муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында болушу керек эле. Бүгүнкү күндө ал акчалардын жарымы кайтарылган.

«Ош шаарындагы жол салуу, тротуар – шаарда жасалган иштердин акчасы – 680 млн сомдун тегерегиндеги акча муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында болушу керек эле дешти. Бүгүнкү күндө ошол сумманы жарымы өттү, дагы өткөрүү боюнча иштер жүрүп жатат», - деди ал.

Абдыкадыров белгилегендей, эсептөө палатасы «Жылуулук камсыздоо» муниципалдыкишканасынын «Ош электро» ишканасына болгон карызын да белгилешкен. 

«Андан сырткары, «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын «Ош электрого» болгон карыздары белгиленген. Ошону менен катар эле «Жылуулук камыздоо» жеке үйлөргө мыйзамсыз жылуулук берген деп белгиленди. Бүгүнкү күндө ал жеке менчик үйлөргө жылуулук берилбей жатат, кыркылган. Бул боюнча айтып коюш керек, «эң негизги эле алганда бухгалтердик учеттон тартип бузуулар болгон» деп жазылган. Учурда бул боюнча иш жүрүп жатат. Эгерде Эсептөө палатасынан тартиптик бузуулар боюнча жазма буйрук келип түшсө, ар бир пунктту боюнча биз иш алып барабыз. Мындайча айтканда, «акчаны кымырып кетти»,   «ичип-жеп алды» деген маселе жок бул жерде», - деди Ош шаарынын башкы финансисти.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз