Зеленский АКШ Tomahawk ракеталарын Украинага бере турган болсо, ал кандай максатта колдонуларын айтты
Украинанын президенти Владимир Зеленский америкалык Fox News телеканалына берген маегинде, эгер АКШ Tomahawk ракеталарын Украинага жеткирсе, алар менен Орусия аймагындагы согуштук гана объектилерге сокку уруларын билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, энергетикалык инфраструктура объекттери бутага алынбайт, бирок ал мындай деди:
«Орусиялыктар энергия ресурстарын сатып, андан түшкөн акчаны аскердик тармакка жумшап жатышат. Биз үчүн бул – аскердик максаттар. <...> Эгер алыс аралыктагы соккулар тууралуу айтып жатсак, анда кеп согуштук объектилер тууралуу гана барат», — деп кошумчалады Зеленский.
Ал ошондой эле АКШ Украинага Орусиянын ичиндеги максаттуу бута тууралуу маалымат берип жатабы же жокпу деген суроого жооп берүүдөн баш тартты:
«Мен чалгындоо боюнча бардык маалыматты ачык айта албайм. Биз эки өлкөнүн чалгындоо кызматтарынын ишине канааттанабыз. Азыр алардын ортосунда абдан бекем кызматташтык бар», — деди президент.
Tomahawk – бул көп максаттуу канаттуу ракета болуп, ал командалык пункттарды, радарларды, абадан коргонуу системаларынын батареяларын, аэродромдорду жана башка аскердик объектилерди талкалоо үчүн колдонулат. Анын учуу аралыгы 2,5 миң чакырымга чейин жетет. Ракета кадимки да, өзөктүк да жарылуучу бөлүккө ээ болушу мүмкүн, бирок өзөктүк бөлүгү бар үлгүлөр ядролук куралдарды кыскартуу чараларынын алкагында колдонуудадан чыгарылган.
Акыркы эки күндүн ичинде Зеленский эки ирет АКШ президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Axios басылмасынын маалыматына караганда, биринчи сүйлөшүүдө Томагавктарды Украинага жеткирүү маселеси талкууланган.
Октябрдын башында Трамп «Украинага Tomahawk берүү чечимин дээрлик кабыл алдым» деп билдирген.
Кремль мындай кадамды «олуттуу эскалациянын жаңы баскычы» катары баалаган. Президент Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул маселе Москвада чоң тынчсыздануу жаратканын айткан.
Орусия болсо Украинанын кандай гана болбосун аскердик колдоосун кескин айыптайт. Путиндин айтымында, ракеталарды Украинага берүү согуш талаасындагы күчтөрдүн тең салмагын өзгөртпөйт, анткени орус армиясы аларды атып түшүрөт. Ал мындан тышкары мындай куралды АКШ аскерлери түздөн-түз катышмайынча колдонуу мүмкүн эместигин, бул болсо Москва менен Вашингтондун мамилесине олуттуу зыян келтирерин белгиледи.
Путин кошумчалагандай, эгер Украинага Tomahawk ракеталары берилсе, анда Орусия өзүнүн абадан коргонуу системасын күчөтөт.
Зеленский Fox News’ке 12-октябрда берген маегинде, Трамп азырынча Tomahawk боюнча акыркы чечим кабыл ала электигин билдирди:
«Биз бул багытта иштеп жатабыз. Мен президент Трамптын чечимин күтүп жатам», — деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.