Бир күндө үч чөйчөк жашыл чай семирүү менен күрөшүүгө жардам бере алат
Бразилиялык окумуштуулар көк чайдын экстракты семирген чычкандарда салмакты кыйла азайтып, инсулинге болгон сезимталдыкты жакшыртарын аныкташты. Бул изилдөө Сан-Паулу шаарындагы «Крузейру-ду-Сул» университетинде жүргүзүлүп, Cell Biochemistry & Function журналына жарыяланган, деп жазат "GoodFood" басылмасы.
Изилдөөнү жетектеген Розмари Оттон 15 жылдан ашуун убакыттан бери көк чайдын адамдын организминине тийгизген таасирин изилдеп келет.
«Башында менин максатым — бул суусундук арыктатат деген эл арасындагы пикир канчалык чын экенин өз көзүм менен көрүү болчу», — дейт окумуштуу.
Эксперимент учурунда чычкандарды төрт жума бою батыш диетасын элестеткен майлуу жана таттуу азыктар менен — шоколад, ичимдиги бар печенье, коюлтулган сүт ж.б. — азыктандырган. Андан кийин 12 жуманын ичинде жаныбарлардын бир бөлүгүнө ошол эле калориялуу тамак менен кошо көк чайдын стандартизделген экстракты берилген. Доза — ар бир килограмм дене салмагына 500 мг. Адам үчүн бул көлөм орто эсеп менен күнүгө үч чөйчөк жашыл чайга барабар.
Изилдөөнүн маанилүү өзгөчөлүгү — контролдук шарттардын так сакталуусу болду: чычкандарды 28°C температурада, башкача айтканда, алардын денеси жылуу кармала турган «термонейтралдуу» шартта багышкан. Көпчүлүк лабораторияларда температура 22°C чамасында болот, ал болсо чычкандар үчүн муздак эсептелип, алар көбүрөөк энергияны денесин жылытууга жумшашат.
«Термонейтралдуу шартты сактоо аркылуу биз көк чайдын таасирин тышкы факторлордун кийлигишүүсүз байкай алдык», — деп түшүндүргөн Оттон.
Натыйжада семирген чычкандар көк чайды алгандан кийин дене салмагын 30%га чейин азайтышкан.
«Адам салмагынын болгону 5–10%ын жоготсо да бул олуттуу жетишкендик болуп эсептелет. Ошондуктан бул көрсөткүч жаныбарларда абдан маанилүү», — деген илимпоз.
Көк чай салмакты гана азайтып тим болбостон, семирүүдө көп кездешүүчү булчуңдардын алсырашын (атрофиясын) да алдын алган. Анализ жыйынтыгында суусундук булчуң булактарынын диаметринин сакталышына өбөлгө түзгөнү жана булчуңдарды семирүүнүн терс таасиринен коргогону аныкталган. Мындан тышкары, экстракт булчуңдарда глюкозаны сиңирүү жана колдонуу менен байланышкан гендердин активдүүлүгүн арттырган жана глюкозанын алмашуусуна катышкан фермент — лактатдегидрогеназанын ишин калыбына келтирген.
Кызыгы, көк чай арык чычкандардын салмагына таасир эткен эмес. Бул анын ашыкча майга гана тандама таасир этерин көрсөтөт.
«Ал семирген жаныбарларда салмакты азайтат, ал эми арыктарда тең салмактуулукту сактайт», — деп түшүндүргөн Оттон.
Окумуштуулар көк чайдын курамындагы айрым активдүү кошулмаларды өзүнчө бөлүп алып сынап көрүшкөн, бирок жыйынтыгында толугу менен алынган экстракт ар дайым эффективдүү болгонун байкашкан.
«Бул кошулмалар бири-бири менен синергиялуу аракеттенип, өзүнчө изоляцияланган түрүндө мындай натыйжа бербейт», — дейт изилдөөчү.
Механизмдин мүмкүн болгон бир түшүндүрмөсү жашыл чайдын таасирин адипонектин деп аталган белок менен байланыштырган. Бул белок май клеткалары тарабынан бөлүнүп чыгып, сезгенүүгө каршы касиетке ээ. Адипонектин гени жок кылынган (нокаутталган) чычкандарда жашыл чай эч кандай таасир бербеген.
Оттон айымдын айтымында, базардагы бардык көк чайлар сапат талаптарына жооп бербейт.
«Кадимки чай пакетиктери ар дайым зарыл болгон көлөмдө же сапатта заттарды камтый бербейт. Эң жакшысы — дарыканаларда сатылган стандартизделген экстракттарды колдонуу болмок», — дейт ал.
Ошол эле учурда ал адам үчүн коопсуз жана натыйжалуу дозаны азырынча так аныктоо мүмкүн эместигин белгилеген, анткени экстракттардын курамы ар түрдүү, ошондой эле ар бир адамдын организми өзгөчө.
«Идеалдуу ыкма — көк чайды туруктуу колдонуу. Мисалы, Японияда адамдар көк чайды өмүр бою күн сайын ичишет, ошондуктан ал жакта семирүү деңгээли өтө төмөн», — деп жыйынтыктаган Оттон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.