Ак-Ордо конушунда эки адамды өлтүрүүгө шектелип жаткан жаран качуу учурунда өлтүрүлдү
19 жаштагы кош адам өлтүрүүгө шектүү өлтүрүлдү деп 14-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 14-октябрга караган түнү Чүй облусунун Кемин районунда болгон. Тергөө иш-аракеттери жүрүп жаткан учурда кармалган адам качып кеткен.
«Милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын “Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” мыйзамынын 45 жана 46-беренелеринин талаптарына ылайык, кызматтык курал колдонушкан. Натыйжада жаракат алган шектүү каза болгон», — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, 3-октябрга караган түнү борбордогу Ак-Ордо-3 жаңы конушунда кош адам өлтүрүү болгон: өз үйүндө 34 жаштагы эркек жана анын 38 жаштагы эжеси бычакталган — кол салган адам аларга уктап жатканда тийген. Эркек 18, ал эми аял 11 жолу бычакталган.
Маркумдун кош бойлуу жубайы үч баласы менен кошунасына качып үлгүргөн.
Шектүү 7-октябрда кармалган. Ал — 2006-жылы туулган Сапармурат Ильясов экени белгилүү болгон. Ал СИЗО-1ге киргизилген. Шектүүнүн айтымында, ал үйдү тоноого киргенин билдирген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.