Мисир, Катар, АКШ жана Түркия лидерлери Газада атышууну токтотуу жөнүндө келишимге кол коюшту
АКШ, Египет, Катар жана Түркиянын лидерлери Шарм-эль-Шейх шаарында өткөн саммитте Газа секторунда ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшту. Бул келишим ортомчулардын катышуусунда жетишилген жана мурда Дональд Трамп сунуштаган 20 пункттан турган тынчтык планынын негизинде даярдалганын «Би-би-си» билдирди.
«Биз баары мүмкүн эмес деп эсептеген нерсеге жетише алдык. Акыры Жакынкы Чыгышка тынчтык келди», — деди Трамп саммитке чогулган жыйырмага жакын дүйнө лидерлеринин алдында сүйлөп жатып.
АКШ президенти Трамп Израилден Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарына күн батарына бир саат калганда келип, залда ага жашыл папка тапшырылган. Андагы документтердин так мазмуну азырынча белгисиз.
«Ишенесиңерби, бул күнгө жетүү үчүн үч миң жыл керек болду? Эми бул тынчтык сакталып турат», — деди Трамп.
Бир фоторепортёр кол коюлган декларациянын акыркы бетин тартып алган. Бирок ошол барактан документтин толук мазмунун аныктоого мүмкүн эмес.
CNNдин маалыматына караганда, декларациянын акыркы бетиндеги биринчи абзацта мындай деп жазылган:
«Биз чыдамкайлыкка, ар бир адамдын кадыр-баркына жана тең мүмкүнчүлүгүнө умтулабыз. Бул аймак ар бир адам өзүнүн үмүтүн тынчтыкта, коопсуздукта жана гүлдөп өнүгүүдө ишке ашыра ала турган жерге айланышын каалайбыз — алардын расасына, динине же улутуна карабастан».
Анан ошол барактын аягында келишимге катышкан мамлекеттердин — АКШнын, Египеттин, Катар менен Түркиянын лидерлеринин колдору жана наамдары коюлган.
Египет президенти Абдель Фаттах ас-Сиси бул келишим «адамзат тарыхындагы оор баракты жаап, жаңы доорду — тынчтык жана туруктуулук мезгилин ачат» деп билдирди.
Анын айтымында, кол коюу — «бүткүл дүйнө үчүн тарыхый күн». Саммиттин жыйынтык маалымат жыйынында ал палестиналыктардын «эркиндикке ээ болууга жана өз алдынча мамлекетте, Израил менен катар тынчтыкта жана өз ара түшүнүшүүдө жашоого укугу бар экенин» айтты.
Саммитке жаңжалга түз тиешеси бар тараптар — ХАМАС менен Израил өкүлдөрү катышкан жок. Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну чакырган, бирок ал жөөттөрдүн Симхат Тора майрамы башталганы үчүн келүүдөн баш тарткан.
CNN маалымдагандай, саммитке АКШ жана Египет президенттеринен тышкары Армения, Азербайжан, Бахрейн, Канада, Кипр, Евробиримдик, Франция, Германия, Греция, Венгрия, Индия, Индонезия, Ирак, Италия, Япония, Иордания, Кувейт, Нидерланд, Норвегия, Оман, Пакистан, Палестина автономиясы, Парагвай, Катар, Сауд Аравиясы, Испания, Түркия, БАЭ жана Улуу Британиянын лидерлери катышкан.
Ошондой эле Шарм-эль-Шейхте Араб мамлекеттер лигасынын баш катчысы Ахмед Абу Гейт, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш, FIFA президенти Джанни Инфантино жана Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр да болгон.
Газа секторундагы ок атышууну токтотуу тууралуу келишим 10-октябрдан тартып күчүнө кирген. 13-октябрда ХАМАС эл аралык Кызыл чырым комитетинин кызматкерлерине бардыгы болуп 20 израилдик туткунду өткөрүп берген. Дагы 28 каза болгон туткундун сөөгүн өткөрүп бериши керек. Израил өз кезегинде 1,9 миңден ашуун палестиналык туткундарды бошотконун билдирген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.