Бишкекте “Ак илбирс – улуттук символ" аттуу иш-чара өткөрүлдү

25-февралда, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигине караштуу "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинде "Ак илбирс – улуттук символ" аттуу иш-чара өткөрүлдү. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин "Ак илбирсти Кыргызстандын улуттук символу катары таануу жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу алкагында уюштурулду. Ага жыйырмадан ашуун адам катышып, ак илбирсти коргоо багытында иш алып барган мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле И.Раззаков атындагы КМТУнун студенттери чакырылды.
 
"Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси иш-чаранын катышуучуларына борбордун негизги багыттарын жана аткарган иш-чараларын тааныштырып өттү. Андан соң, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар башкармалыгынын жаныбарлар дүйнөсү бөлүмүнүн адиси Н.Т.Токтобеков Кыргызстандагы илбирстерди коргоо боюнча мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле, CAMP Ала-Тоо, Rural Development Fund коомдук фондунун өкүлдөрү ак илбирсти коргоо боюнча ишке ашырылып жаткан экологиялык долбоорлор тууралуу презентация тартуулашты. 
 
Иш-чаранын жүрүшүндө Германиянын Табиятты коргоо союзу (NABU) тарабынан даярдалган презентация көрсөтүлүп, анда Кыргызстандагы илбирсти коргоо боюнча жетишкен ийгиликтер баяндалды. Башкача айтканда, NABU Кыргызстан өлкөдө алгачкылардан болуп ак илбирсти коргоо долбоорун ишке киргизгенинен тартып, Ысык-Көлдө жапайы жаныбарларды кайра калыбына келтирүү борборун ачылганына чейин айтылды. Ошондой эле, кийинчерээк ал борбор Боом капчыгайына көчүрүлүп, учурда эки ак илбирс көзөмөлгө алынганы айтылып, мониторинг иштеринин алкагында фототузактарга түшкөн жапайы жаныбарлардын сүрөттөр көрсөтүлүп, мыйзамсыз аңчылыкты алдын алуу жана экологиялык билим берүүнүн мааниси белгиленди.
 
Бул иш-чаранын өзгөчө бөлүгү – элдик маданият аркылуу экологиялык билим берүүнү даңазалоо болду. Жаныбарлар дүйнөсү бөлүмүнүн адиси Адилет Кожобергенов илбирс тууралуу терме аткарып, салттуу музыка, жомок аркылуу жеткинчектерге экологиялык тарбия берүү маанилүү экенин билдирди.
 
Жыйынтыгында, "Инновациялык борбордун" китепкана фондуна NABU Кыргызстан уюмунун жетекчиси Т.Асыкуловдун “Кыргызстандын өзгөчө коргоолуучу жаратылыш аймактары”, “Илбирс жана анын Кыргызстандагы абалы”, “Жырткыч жана малчы” деп аталган автордук китептери тапшырылды. Ошондой эле "Инновациялык борбор" тарабынан иш-чаранын катышуучуларына ыраазычылык каттар ыйгарылды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз