Бишкектин конуштарында 600дөн ашык окуучу балдарга экологиялык сабак өтүлдү

Бишкек шаарынын бир нече конушунда жайгашкан мектеп жана бала бакчаларда экологияга арналган ачык сабактар өткөрүлдү. Иш-чара №102, №96, №93, №97, №112 жалпы орто билим берүү мектептеринде, №19, №21 жана №57 бала бакчаларында уюштурулуп, кенже класстын окуучулары менен мектепке чейинки даярдоо топторунун тарбиялануучуларын камтыды.  
 
Сабактын жүрүшүндө балдарга табиятты коргоонун мааниси түшүндүрүлүп, алар үчүн кызыктуу оюндар уюштурулду. “Тазалыкты сактайлы” аттуу интерактивдүү сабакта окуучулар жаратылыштагы тазалыкты сактоонун зарылдыгы тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле “Ким тез табат” оюну аркылуу таштандыларды туура иргөө көндүмдөрүнө ээ болушту. Сабактын дагы бир бөлүгүндө – “Жаратылышта жаңы дос” аттуу куурчак театры тартууланды.   
 
Көк-Жар конушундагы №112 жалпы орто билим берүү мектебинде өтүп жаткан сабак маалында окуучулар Кыргыз Республикасынын мурунку премьер-министри, белгилүү саясий ишмер Апас Жумагулов менен жолугуп, экология жана билим берүүнүн маанилүүлүгү тууралуу пикир алышты.  
 
Мындан тышкары, Көк-Жар конушундагы №32 китепкананын кызматкерине NABU Кыргызстан уюмунун миссиясы тууралуу маалымат берип, аталган уюмдун жетекчиси Толкунбек Асыкуловдун “Кыргызстандын өзгөчө коргоолуучу жаратылыш аймактары”, “Илбирс жана анын Кыргызстандагы абалы”, “Жырткыч жана малчы” китептери китепкананын фондуна тапшырылды.  
 
Жалпысынан аталган экологиялык иш-чарага 600дөн ашык окуучу жана бала бакчанын тарбиялануучулары катышты.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз