Эки адамдын өлүмүнө шектелген жарандын өлүмү: Азыр эмне белгилүү?
14-октябрга караган түнү айланма жолдо 2006-жылы туулган, Ак-Ордо-3 жаңы конушундагы эки адамдын өлүмүнө шектелип жаткан Сапармурат Ильясов аттуу жигит ок атып өлтүрүлгөн.
«АКИпресс Сводка» редакциясына маалымат берген булактардын айтымында, ал өзүн коштоп бараткан милиция кызматкерлеринен дааратканага барууга уруксат сурап, ошол учурда качып кеткен.
Ильясов 3-октябрга караган түнү болгон эки адамды өлтүрүүгө шектелүүдө. Өзүнүн үйүндө 34 жаштагы эркек жана анын 38 жаштагы эжеси бычакталып өлтүрүлгөн — кол салган адам аларды уйкуда жаткан учурда бычактаган. Эркек 18, ал эми аял 11 ирет бычак жеген.
Маркумдун кош бойлуу жубайы үч баласы менен кошунасына качып үлгүргөн. Ал милицияга кабарлаган, ошол учурда күйөөсү кылмышкерге каршылык көрсөтүүгө аракет кылып жаткан.
Булактардын маалыматына караганда, 19 жаштагы Ильясов — Бишкек шаарынын тургуну. Окуяга чейин ал башка аймактагы кафеде официант болуп иштеп, кийин жумуштан бошотулган. Бишкекке кайтып келген соң, ата-энесинин үйүнө эмес, хостелде бөлмө ижарага алган. Бир нече күндөн кийин акчасы түгөнүп, Ильясов сурак учурунда айткандай, каракчылык жасоону пландаган.
Киши өлтүргөндөн кийин ал хостелине кайтып, 6-октябрда автовокзалга барып, Ысык-Көл облусуна кеткен. Боом капчыгайындагы «Жибек Жолу» кафесинин дааратканасынын жанында бычагын ыргытып жиберген. Каракол шаарында бир аз жүргөндөн кийин Бишкекке кайтып келген, ал жерден аны 7-октябрда милиция кармаган.
Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча козголгон иштин алкагында укук коргоо органдары тергөө иш-чараларын жүргүзүп жаткан. Ал Ысык-Көлгө тергөө үчүн жеткирилген. Алдын ала маалыматтарга ылайык, 14-октябрга караган түнү милиция кызматкерлери Ильясовду атайын даярдыктагы кызматкерлердин коштоосунда алып бараткан. Саат болжол менен 03:20 чамасында Кемин району аймагындагы айланма трассада Ильясов дааратканага барууну сурап, ошол учурда качууга аракет кылган.
ИИМдин маалыматы боюнча, милиция кызматкерлери ага ок чыгарып, Ильясов ошол жерде каза болгон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.