Париж прокуратурасы Луврду тоноо боюнча эки версияны атады
Париж прокуратурасы учурда Лувр музейиндеги уурулук боюнча эки негизги версияны карап жатат, — деп билдирген прокурор Лора Бекко, деп жазат Le Figaro басылмасы.
Анын айтымында, бийлик өкүлдөрү бул уурулук заказ менен жасалган болушу мүмкүн же акча адалдоо максатында уюштурулган деп эсептешет.
«Уюшкан кылмыштуу топтун эки максаты болушу ыктымал: алар уурулукту бирөөнүн буйругу менен жасаган же болбосо уурдалган зер буюмдарды акча адалдоо үчүн колдонушкан», — деп прокурордун сөзүн келтирет Le Figaro.
Мындан тышкары, Бекконун айтымында, чет элдиктердин аралашуусу да каралып жатат, бирок бул версия азырынча «негизги багыт эмес». Мурунраак Франциянын ИИМи Луврдагы буюмдарды чет элдиктер уурдап кетиши мүмкүн экенин билдирген.
Луврдогу уурулук 19-октябрь күнү эртең менен болгон. Музей «өзгөчө жагдайлардан улам» ошол эле күнү толугу менен жабылган, ал эми зыяратчылар эвакуацияланган.
Париж прокуратурасынын маалыматына ылайык, төмөнкү баалуу буюмдар уурдалган:
Канайым Мари-Луизанын (Наполеондун экинчи жубайы) коллекциясынан топ жана сөйкө;
ХIХ кылымдагы Франциянын ханышасы Мария-Амалиянын (1830–1848-жж.) жана Голландиянын ханышасы Гортензия де Богарненин коллекцияларынан үч зер буюм — моюн тагыч (колье), сөйкө жана таажы;
Канайым Евгениянын коллекциясынан төрт буюм — эки брошь, көйнөккө тагылуучу бантик жана таажы.
Франциянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, уурулук жети мүнөттө, ал эми Маданият министрлигинин баамында төрт мүнөттө ишке ашкан. Учурда кылмышка шектелип төрт эркек киши изделүүдө. Алар окуя болгон жерден скутер менен качып, жүздөрүн жаап алышкан.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон бул окуяны «өлкөнүн тарыхый мурасына кол салуу» деп атап, уурдалган зер буюмдар сөзсүз табыларын жана күнөөлүүлөр сот жообуна тартыларын убада кылды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




