Израиль Газага абадан чабуул жасаганы тууралуу маалымат берди

Израилдин Коргоо армиясы (ЦАХАЛ) палестиналык ХАМАС кыймылы тарабынан ок атышууну токтотуу режими одоно бузулганын билдирип, Газа секторуна сокку урду, деп жазат "CentralAsia" басылмасы.

ЦАХАЛдын маалыматына ылайык, согушкерлер Египет менен чек арадагы Рафах аймагында террористтик инфраструктураны жок кылуу ишин жүргүзүп жаткан израилдик аскерлерге ок чыгарышкан. Натыйжада 26 жаштагы майор жана 21 жаштагы улук сержант каза болду. Армия коркунучту жоюу жана ХАМАС колдонгон туннелдерди жана башка аскердик объекттерди талкалоо максатында жооп иретинде аба соккуларын баштады.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху аскерлерге жана коопсуздук кызматтарына «Газанын секторундагы террористтик объекттерге каршы чечкиндүү чараларды көрүү» тапшырмасын берди. Times of Israel басылмасынын аскердик булагы билдиргендей, Рафах аймагында 20дан ашуун бута аткыланган. Ошондой эле Израил Газа секторуна гуманитардык жардам жеткирүүнү кийинки билдирүүгө чейин токтотту.

Израил өкмөтүнүн өкүлү 12-каналга билдиргендей, Иерусалим согуш аракеттерин кайра жандандырууну каалабайт. Ал жана ЦАХАЛдын өкүлдөрү белгилешкендей, аба соккулары ХАМАСтын чабуулуна жооп болгон. Өкүл Израил мындан ары да ок атышууну токтотуу келишимин бузган ар бир аракетке ушундайча жооп берерин эскертти.

Кийинчерээк Израил армиясы Газадагы ок атышууну токтотуу режимине кайра кайтканын билдирди. ЦАХАЛдын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мындай чечим өлкөнүн саясий жетекчилигинин көрсөтмөсү боюнча кабыл алынган.

«Израилдин Коргоо армиясы ок атышууну токтотуу шарттарын сактоону улантат жана анын ар кандай бузулушуна катуу жооп берет», — деп айтылат армиянын билдирүүсүндө.

«Би-би-си»нин маалыматы боюнча, ХАМАС да өз кезегинде ок атышууну токтотуу келишимин сактоого даяр экенин билдирди. Кыймылдын билдирүүсүндө алардын Рафахтагы согушкерлер менен түз байланышта эмес экени, ал эми ХАМАСтын жетекчилиги бул аймактардагы окуяларга тиешеси жок экени айтылган. Al Jazeera телеканалы «медициналык булактарга» таянып, келишим күчүнө киргенден бери 51 палестиналык каза болуп, дагы 150 киши жараат алганын маалымдады.

Израил менен ХАМАСтын ортосундагы ок атышууну токтотуу келишими 10-октябрда күчүнө кирген. Ошондон бери эки тарап бири-бирин бир нече жолу келишимди бузду деп айыпташкан.

13-октябрда АКШ, Египет жана Түркия президенттери Израил менен ХАМАСтын ортосундагы согушту токтотуу боюнча ортомчу катары тынчтык келишимине кол коюшкан. АКШ президенти Дональд Трамп Жакынкы Чыгышта «туруктуу тынчтыкка» жетишилгенин билдирген. Анын планы конфликтти жөнгө салуунун негизги сценарийи болуп саналат. Трамптын демилгесине ылайык, Газа секторунда убактылуу администрация түзүлүп, аймактын коопсуздугуна АКШ жана араб мамлекеттери катышкан эл аралык стабилдештирүүчү күчтөр — тынчтык орнотуучу контингент жооптуу болот.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз