Израил менен ХАМАС Египетте Газада ок атууну токтотууну талкуулашат

Израиль менен ХАМАС тобу дүйшөмбү күнү Египеттин ортомчулугу менен Газанын секторундагы куралдуу кагылышууларды токтотууга багытталган сүйлөшүүлөрдү баштайт. Египет бийлиги билдиргендей, алар эки тараптын делегацияларын кабыл алып, израилдик туткундарды палестиналык камактагыларга алмашуу маселесин талкуулайт, "CentralAsia" басылмасы «Би-би-сиге» шилтеме берүү менен.

АКШнын президенти Дональд Трамп дүйшөмбүгө караган түнү Газадагы согушту токтотууга аракет кылып жаткан бардык тараптарды «тез арада аракеттенүүгө» чакырды.

Ал дем алыш күндөрү «ХАМАС жана дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү менен абдан позитивдүү сүйлөшүүлөр болгонун» билдирди.

«Бул сүйлөшүүлөр абдан ийгиликтүү өттү жана тез ыргаак менен өнүгүүдө. Техникалык топтор дүйшөмбү күнү кайрадан Египетте чогулуп, акыркы деталдарды тактайт. Маалыматтарга караганда, биринчи этап ушул жуманын ичинде аякташы керек экен. Мен бардык тараптарды тез аракеттенүүгө чакырам», — деп жазды Трамп өзүнүн Truth Social баракчасында.

Буга чейин Трамп журналисттер менен маегинде, анын пикиринде, израилдик туткундарды «абдан жакын арада» бошотуу башталарын айткан.

Трамп — согушту токтотуу боюнча акыркы сунуштун автору — ХАМАСтын бардык туткундарды бошотуу сунушун кубаттаган.

Ал арада Израилдин аскерлери Газа шаарында коргонуу позициясын ээлешти. ХАМАС өкүлдөрүнүн айтымында, анклавдын де-факто борборунда аба соккулары жана аткылоолор уланууда, анын кесепетинен ондогон адамдар каза болушкан.

АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф жана Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер да сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн Египетке жөнөп кетишти. Израилдик маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, талкуулар туткундарды бошотуу мөөнөттөрүн жана бошотулуучу палестиналык камактагылардын тизмесин тактоого багытталат.

«Биз бул максатка өтө жакынбыз, мындан мурда мындай учур болгон эмес», — деди АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жекшемби күнү. Бирок ал туткундарды жана камактагыларды алмашуу — бул болгону биринчи жана, балким, эң жеңил кадам экенин белгиледи. Газанын калыбына келтирилиши жана бул аймакты ким башкарары — кыйла татаал маселе болорун айтты.

«Менимче, бул бөлүгү бир аз оорураак болот, бирок дал ошол куралдуу жаңжалды түгөтөт. Ошондуктан биз ушул эки этапка көңүл буруп жатабыз», — деди Рубио. Анын айтымында, туткундарды бошотуу боюнча келишим качан түзүлөрү азырынча белгисиз, бирок сүйлөшүүлөр «жумаларга, атүгүл бир нече күнгө созулбашы керек. Бул абдан тез ишке ашышы зарыл».

«Биз жакын арада билип калабыз — ХАМАС канчалык деңгээлде олуттуу экенин. Бул алардын техникалык сүйлөшүүлөрдө логистикалык жагынан кандай иш алып барарына жараша билинет», — деди Рубио Газадагы туткундарды бошотуу тууралуу.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху израилдик аскерлерди кайра жайгаштыруу болорун билдирди.

Анын айтымында, израилдик туткундар менен палестиналык камактагыларды алмашуу келишим түзүлгөндөн кийин дароо болот, ал эми ХАМАСтын куралсыздануусу экинчи этапта ишке ашырылат. Нетаньяху ошондой эле ХАМАСты күч менен куралсыздандыруу мүмкүнчүлүгүн да четке каккан жок.

Трамптын дароо ок атышууну токтотуу чакырыгы Нетаньяху үчүн саясий жактан татаал болушу мүмкүн, анткени анын кабинетиндеги айрым ашынган оңчул министрлер террордук уюм катары таанылган ХАМАС менен сүйлөшүүлөргө сак мамиле жасашат, деп жазат басылма.

Мындан тышкары, ХАМАС Трамптын планындагы эки гана пункт менен макул болгонун билдирди — туткундарды бошотуу жана «Газаны палестиналык көзкарандысыз (технократиялык) органга өткөрүп берүү», бирок планындагы негизги талаптардын бири — ХАМАСтын куралсыздануусуна жана Газаны башкарууга катышпоосуна макулдук берүү тууралуу сөз болгон эмес.

Ишемби күнү ХАМАСтын жогорку даражалуу өкүлү Муса Абу Марзук Al Jazeera телеканалына берген маегинде, эгер уюм өз лидерлерин жана жоокерлерин сүргүнгө жөнөтүүгө жана куралсызданууга даярбы деген суроого: «Кыймыл буга чейин эле билдирген — эгерде көзкарандысыз палестин мамлекети түзүлсө, ошол күнү эле биз куралдуу кыймыл болуудан токтоп, өз куралыбызды ошол мамлекетке тапшырабыз», — деп жооп берген.

Израиль болсо көзкарандысыз Палестина мамлекетинин түзүлүшүнө жол бербесин билдирүүдө, анткени мындай мамлекет еврей мамлекетинин коопсуздугуна коркунуч жаратат деп эсептейт.

Абу Марзуктун айтымында, Трамптын планындагы көпчүлүк пункттар — өзгөчө Газаны башкаруунун келечеги тууралуу маселелер — дагы башка палестиналык фракциялар менен талкууланышы керек. «Бардык деталдарды толук макулдашууга бир нече ай кетиши мүмкүн», — деди ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз