Гонконгдо учак учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, деңизге кулаган. Каза болгондор бар
Reuters агенттиги аэропорттун операторуна таянып билдиргендей, Гонконг эл аралык аэропортунда жүк ташуучу учак учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, жарым-жартылай деңизге түшүп кеткен.
Окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 3:50дөр чамасында болгон. Учак Дубайдан каттам аткарып келе жаткан. Flightradar24 кызматынын X (мурунку Twitter) тармагындагы маалыматына ылайык, бул Түркиянын AirACT авиакомпаниясына таандык Boeing 747 учагы болгон жана ал Emirates компаниясынын атынан жүк ташуу каттамын жүргүзүп жаткан. Ал, болжолдуу түрдө, аэропорттогу жер үстүндөгү транспорт каражаты менен кагышкан.
South China Morning Post гезити полицияга шилтеме берип жазгандай, кырсыктын натыйжасында ал транспорт каражатынын ичинде болгон эки адам каза тапкан. Алгач алар дайынсыз деп эсептелген, кийин алардын бирөөсүнүн сөөгүн деңизден табышкан, экинчиси окуя болгон жерде табылып, ооруканага жеткирилген соң көз жумган.
Кырсыктан кийин аэропорттун түндүк учуп-конуу тилкеси жабылган, ал эми түштүк жана борбордук тилкелер кадимкидей ишин улантууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




