УКМК жактоочуну алдамчылыкка шектеп кармады

Белгилүү өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген адам кармалды. Бул тууралуу 21-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Ош облустук аймактык адвокатурасынын адвокаты Ж.К.Т. Ноокат райондук сотунда адвокаттык ишмердүүлүк жүргүзүп келген. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан жаранга юридикалык жардам көрсөтүү учурунда анын атасын алдап, “сот органдарында тааныштарым бар, ишти оң жагына чечип берем” деп ишендирген. Бул үчүн ал 110 миң сом акча талап кылган.

Бул факт 15-октябрда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна (“Белгилүү өлчөмдөгү алдамчылык”) ылайык катталган. 16-октябрда шектүү кармалып, УКМКнын тергөө абагындагы убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Азыркы тапта тергөө органдары анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар-жогун аныктап жатышат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз