Юстиция министрлиги ардак наамдарды эки деңгээлге бөлүүнү сунуштоодо
Кыргызстандын Юстиция министрлиги “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.
Документтин максаты – жарандардын мамлекет жана коом алдындагы эмгегин моралдык жактан таанууну чагылдырган эң жогорку ардак наамдардын системасын түзүү. Мыйзам долбоору мамлекеттик сыйлыктардын учурдагы тутумун тартипке келтирүүгө, бул багыттагы укуктук нормаларды жаңыртууга, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктар менен наамдардын беделин жана аброюн жогорулатууга багытталган.
Башкы өзгөрүү – ардак наамдардын тармактык принциптен баш тартуу жана универсалдуу моделге өтүү. Азыркы учурда көпчүлүк ардак наамдар кесиптик мүнөздө, мисалы: “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери”, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген билим берүү кызматкери”, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу” сыяктуу аталып келет.
Мыйзам долбоорунда ардак наамдар эки деңгээлге бөлүнөт. Улуттук маанидеги мамлекеттик ардак наамдар Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан ыйгарылып, адамдын моралдык, патриоттук жана коомдук салымын чагылдырат. Ал эми тармактык мүнөздөгү ардак наамдарды ыйгаруу укугу Министрлер кабинетине берилет.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлоо укугун да Министрлер кабинетинин карамагына өткөрүү сунушталууда.
Мыйзам долбоору айрым мамлекеттик сыйлыктарды концептуалдык жактан жаңылоону, укуктук түшүнүксүздүктөрдү, кайталоолорду жана ашыкча татаалдыктарды жоюуну карайт. Ар бир сыйлык өзүнүн өзгөчө маанисине ээ болуп, башка сыйлыктарды кайталабашы керек.
Мындан тышкары, сыйланган адамдар үчүн социалдык кепилдиктер менен жеңилдиктерди бирдиктүү тартипке келтирүү сунушталууда – аларды президенттин атайын жарлыгы менен бекитүү пландалууда. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, анда 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 88 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардак наамдарын ыйгаруу, тапшырылуу, дубликаттарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” президенттин жарлыгына өзгөртүүлөр киргизүү талап кылынат.
Долбоорду иштеп чыккандар белгилегендей, мамлекеттик сыйлыктар системасын реформалоо коомдун руханий негиздерин чыңдоого, улуттук биримдикти бекемдөөгө жана жарандардын эмгегине болгон урматты жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




