Санаэ Такаити Япониянын тарыхындагы биринчи жолу өкмөттү жетектеген айымга айланды

Япониянын Либерал-демократиялык партиясынын төрайымы Санаэ Такаити өлкөнүн 104-премьер-министри болуп шайланды. Ал бул кызматты ээлеген биринчи аял болуп калды, деп жазат"CentralAsia" басылмасы "Kyodo" агенттигине шилтеме берүү менен.

Шейшемби күнү парламенттин төмөнкү палатасында добуш берүү өттү — Такаити 465 добуштун ичинен 237син алды. Анын башкы атаандашы, Конституциялык-демократиялык партиянын лидери Ёсихико Нода 149 добуш топтоду.

Санаэ Такаитинин жеңиши ЛДП менен консервативдик «Жапонияны жаңылоо коомунун» (Japan Innovation Society) альянсынын аркасында мүмкүн болду — дал ушул коалиция ага зарыл болгон колдоону камсыз кылды.

Жакынкы күндөрү жаңы премьер-министр өкмөттү түзүүгө киришет.

64 жаштагы Такаити — мурдагы премьер-министр Синдзо Абэнин шакирти жана Улуу Британиянын мурдагы лидери Маргарет Тэтчердин күйөрманы катары белгилүү.

Бирок Associated Press жазгандай, көптөгөн жапон аялдары анын премьер-министр болушун өлкөдөгү жыныстык теңчилик жаатындагы прогресс катары баалашкан жок.

Анткени Такаити аялдарга турмушка чыккандан кийин кыз кезиндеги фамилиясын сактоого уруксат берүүгө каршы (жапон мыйзамдары боюнча, жубайлар бир фамилияны алып жүрүшү керек). Ошондой эле ал бир жыныстагы адамдардын никесине жана аялдардын Императордук хризантема тактысына мураскер болушуна каршы чыгып келет.

Ошол эле учурда, шайлоо өнөктүгү маалында Такаити балдарды караган ата-энелерге салык жеңилдиктерин берүү, ошондой эле ишканаларга бала бакча ачуу үчүн стимул түзүү сунуштарын айткан, деп белгилейт CNN.

Экономика тармагында Такаити маркум Синдзо Абэнин «Абэномика» саясатын колдойт — бул саясат акча-кредиттик саясатты жумшартууга, мамлекеттик активдүү чыгымдар аркылуу экономиканы стимулдаштырууга жана түзүмдүк реформаларга негизделет.

Ошондой эле ал мурдагы премьер-министр Сигэру Исиба кол койгон АКШ менен соода келишимин кайра карап чыгууга ниетин билдирген. Такаити АКШ президенти Дональд Трамп менен ушул жылдын октябрь айынын аягында Түштүк Кореяда өтө турган Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык саммитинде жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Такаитинин экономикалык саясатынын натыйжалуулугу (эгер ал аны ишке ашыра алса) начарлап бараткан йенди жана өсүп жаткан баалар шартында кандай болору белгисиз, бирок ЛДП менен Партиянын коалициясы тууралуу кабар жапон каржы базарларындагы курсту төмөндөтүүнү жаратты.

Мындан тышкары, Такаити Япониянын тынчтык Конституциясын кайра карап чыгуу сунушун жактап келет жана үзгүлтүксүз Ясукуни ибадатканасына барып турат. Бул жерде согушта курман болгон жоокерлердин, анын ичинде согуш кылмышкерлери деп эсептелген адамдардын рухтарына сыйынуу жүргүзүлөт. Кытай менен Корея бул ыйык жайды зыярат кылууну Япониянын согуштук кылмыштары үчүн жоопкерчиликтен качуу катары баалашат, деп жазат BBC.

2004-жылы Такаити партиядагы кесиптеши Таку Ямамото менен баш кошкон — алар үйлөнгөнгө чейин бир да жолугушууга чыгышкан эмес. 2017-жылы саясий пикир келишпестиктерден улам ажырашып, 2021-жылы кайра үйлөнүшкөн. Биринчи никеде Такаити күйөөсүнүн фамилиясын алган, бирок коомчулукта өзүнүн фамилиясын колдонгон. Экинчи никеде болсо күйөөсү анын фамилиясын алган.

Санаэ Такаити heavy metal жанрынын күйөрманы жана жаш кезинен бери музыкалык аспаптарда ойнойт. Азыр анын үйүндө электрондук барабан орнотулган — ал Такаитиге стресс менен күрөшүүгө жардам берет.

Жаш кезинде ал мотоцикл минип жүрүүнү да жакшы көрчү, бирок 1993-жылы саясий карьерасын баштагандан кийин жол кырсыгына кабылуу коркунучунан улам бул хоббисинен баш тарткан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз