Жапайы жаныбарларды изилдөө максатында фототузактар орнотулду
NABU Кыргызстан уюмунун Мониторинг бөлүмүнүн кызматкерлери Ысык-Көлдүн сырт өрөөнүндө жана Нарын облусунун айрым аймактарындагы жапайы жаныбарларга изилдөө иштерин жүргүзүү жана жапайы жаныбарлардын жашоо тиричилигин көзөмөлдөө үчүн фототузактарды коюп келишти. Бул иш-чаранын эң негизги максаты – ак илбирстин жана анын табигый азык базасынын абалын аныктоо болуп саналат. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматынан кабарлашты.
Иш-чаранын алкагында, адистер жапайы жаныбарлардын ар кандай түрлөрүнө байкоо жүргүзүштү. Фототузактарга түшкөн сүрөттөр жана видеоматериалдар жергиликтүү фаунанын ар түрдүүлүгүн тастыктайт. Айрыкча, илбирс жана анын азык тизмесине кирген жаныбарлар жөнүндө баалуу маалыматтар топтолду.
Экспедициянын натыйжасында ар кандай жапайы канаттуулар жана жаныбарлар катталды. Алардын катарында: бүркүт, кумай, таз кара, көк жору, орок тумшук сыяктуу канаттуулар, ошондой эле эчки-теке, түлкү сыяктуу жана башка жаныбарлар кездешти. Бул маалыматтар келечектеги жапайы жаратылышты коргоо иш-чараларын пландаштырууда маанилүү роль ойнойт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.