Франциянын экс-президентти VIP-абакка жатуу үчүн үйүнөн чыгып кетти
Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози шейшемби күнү таңга маал Париждеги үйүнөн чыгып, Ла-Санте абагына жөнөгөн. Бүгүнтөн тартып саясатчы шайлоо кампаниясын мыйзамсыз каржылоого байланыштуу беш жылга кесилип, абакта отура баштайт. Бул тууралуу "CentralAsia" басылмасы жазды.
Саркози үйдөн аялы Карла Бруни менен бирге чыккан. Көчөдө чогулган тарапкерлер аны тосуп, «Николя! Николя!» деп кыйкырышкан, деп кабарлайт Reuters. Кийинчерээк экс-президенттин кортежи абактын имаратына жеткен.
Николя Саркози 2007-2012-жылдары Франциянын президенти болуп иштеген. Ага каршы иликтөө 2013-жылы башталган. Сотто саясатчынын президенттик кампаниясы Ливия бийлигинин мыйзамсыз каржылоосу менен жүргүзүлгөнү аныкталган. Саркози күнөөнү мойнуна алган эмес жана соттун чечимин «Францияны кемсинтүү» деп баалаган.
25-сентябрда сот Николя Саркозини беш жылга абакка кескен. Мурдагы президент жазасын өзүнчө камерада, «асыл адамдар үчүн» атайын крыло — VIP-бөлүмдө өтөйт. 20-октябрда Figaro басылмасынын маалыматы боюнча, Франция президенти Эмманюэль Макрон Саркозини абакка түшүүдөн мурун Елисей сарайында кабыл алган. Бул расмий түрдө жарыяланган эмес.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



