ИИМ боксчу Дмитрий Биволдун мурдагы жубайынын видеосунда айтылган кемсинтүүлөр боюнча текшерүү иштерин баштады

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги интернетке тараган видеонун негизинде териштирүү ишин баштады. Видеодо Екатерина Бивол автомашина айдап бара жатып, ар түрдүү улуттардын өкүлдөрүнө карата кемсинткен сөздөрдү айтып жатканы көрүнөт.

ИИМдин маалыматына караганда, мындай жүрүм-турумга жол берүү мүмкүн эмес жана ал элдер ортосундагы сый-урмат менен чыдамкайлык принциптерине каршы келет. Кайсы жерде жашабасын, ар бир жаран адеп-ахлак жана мыйзам нормаларын сактап, кастык же жек көрүүчүлүк маанайындагы билдирүүлөргө жол бербеши керек.

Азырынча бул факты катталып, зарыл болгон экспертизалар дайындалды.

Министрлик жарандарды өз ара урматтоого, айтканы жана жасаган иши үчүн жоопкер болууга чакырат, өзгөчө коомчулук алдында жана социалдык тармактарда.

Белгилүү болгондой, видеодогу аял — дүйнө чемпиону, мушкер Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы Екатерина Бивол болуп эсептелет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз