Трамп Будапеште Путин менен боло турган жолугушууну жокко чыгарганын билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен Будапештте өтө турган жолугушууну жокко чыгарды. Бул тууралуу ал НАТО баш катчысы Марк Рюттемен болгон жолугушууда билдирди.

«Мен Путин менен жолугушууну жокко чыгардым. Биз каалаган жыйынтыкка жетпейбиз деген ойдо болдум, ошондуктан ушундай чечим кабыл алдым. Ар жолу жакшы сүйлөшөбүз, бирок ал эч кандай натыйжа бербейт. Ошондуктан жолугушууну токтоттум. Бирок келечекте сөзсүз өткөрөбүз», — деди Трамп.

Будапештте жолугушуу өткөрүү тууралуу Трамп менен Путин 16-октябрдагы телефондук сүйлөшүүдө макулдашышкан, бирок так күнү айтылган эмес. Кийинчерээк, 21-октябрда Financial Times (FT) жана The Telegraph басылмалары саммиттин жокко чыгарылганын билдиришкен. Маалыматка караганда, мындай чечим АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун 20-октябрдагы телефондук сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынган.

Орусия президентинин чет өлкөлөр менен экономикалык кызматташтык боюнча атайын өкүлү жана Орусиянын Түз инвестициялар фондунун (РФПИ) башкы директору Кирилл Дмитриев жолугушуунун жокко чыгарылганы тууралуу кабар чыккандан кийин да ага даярдык иштери улантылып жатканын белгилеген.

Трамп мунун алдында эле Орусия жана АКШ президенттеринин жолугушуусу боюнча акыркы чечим али кабыл алынбаганын билдирген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз