АКШ «Роснефть» жана «Лукойл» компанияларына санкциялар киргизди
АКШнын Каржы министрлиги 22-октябрда Орусиянын эки ири мунай компаниясына — «Роснефтьке» жана «Лукойлга» каршы санкциялар киргизилгенин жарыялады.
Министрликтин маалыматына ылайык, мындай чара «Орусиянын Украинанын согушун токтотуу боюнча тынчтык процессине олуттуу берилгендигин көрсөтпөгөндүгүнө» байланыштуу кабыл алынган.
«Азыр — адамдарды өлтүрүүнү токтотуп, дароо ок атышууну токтотуу керек болгон учур. Президент Путин бул маанисиз согушту токтотуудан баш тарткандыктан, Каржы министрлиги Кремлдин аскердик машинесин каржылаган эки ири мунай компаниясына — “Роснефть” жана “Лукойлга” каршы санкция киргизүүдө», — деп билдирди АКШнын каржы министри Скотт Бессант.
Пресс-релизде айтылгандай, санкция тизмесине бул эки компаниянын Орусиянын аймагында жайгашкан туунду ишканалары да киргизилген. Жалпысы 34 туунду компания тизмеге кирди: алардын 28и — «Роснефтьке», ал эми 6сы — «Лукойлга» тиешелүү.
«Бүгүнкү чечимдин натыйжасында АКШнын аймагында же америкалык жарандардын менчигинде жана көзөмөлүндө турган аталган компаниялардын бардык мүлкү жана мүлктүк кызыкчылыктары тоңдурулат жана бул тууралуу OFACка билдирүү зарыл», — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, «жабылган жактардын 50% же андан көбүнө ээ болгон бардык юридикалык жактардын да ишмердүүлүгү токтотулат» деп көрсөтүлгөн. Мындай талаптарды бузган адамдарга — АКШнын жарандарына да, чет элдик жарандарга да — административдик же кылмыш жоопкерчилиги каралган.
АКШнын президенти журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, эмне үчүн дал азыр Орусияга каршы санкцияларды киргизүү чечимин кабыл алганын мындайча түшүндүрдү:
«Мен жөн гана убакыт келип жетти деп сездим. Биз узак күттүк», — деп билдирген Трамп «Би-би-си» телеканалынын маалыматына ылайык.
Ал санкциялардын көлөмүн «абдан чоң» деп баалады.
Журналисттердин «бул санкциялар Москвага Украинадагы согушту токтотууга түрткү бере алабы?» деген суроосуна Трамп мындай жооп берген:
«Мен билбейм, бул кандай натыйжа берет. Бирок таасири болот деп ойлойм, анткени бул мунай тармагына тиешелүү олуттуу санкциялар. Үмүттөнөм, Путин да, Зеленский да акылга келет, анткени танго бийин жалгыз бийлебейт да».
Эгер Путин Украинага каршы аскердик аракеттерди токтотууга макул болсо, санкциялар тез арада алынат, — деп кошумчалаган АКШнын президенти.
Буга чейин, 15-октябрда, Улуу Британия да «Лукойлга» жана «Роснефтьке» каршы санкциялар киргизген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




