Бекзат Алмазбек уулу финалга чыкты
Кыргызстандык Бекзат Алмаз уулу Хорватияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.
Ал эркин күрөш боюнча 57 кг салмак категориясында күч сынашууда жана мелдешти 1/16 финалдан баштаган.
Адегенде Алмаз уулу канадалык балбандын 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти. Андан кийин 1/8 финалда япониялык спортчуну жеңди. Чейрек финалда македониялык балбанды да мөөнөтүнөн мурда утуп, жарым финалга чыкты.
Финалга чыгуу үчүн таймашта Алмаз уулу өзбекстандык Гуломжон Абдуллаев менен килемге чыкты. Буга чейин спортчулар Париждеги Олимпиадада күч сынашкан. Ал жолкусунда үчүнчү орун үчүн болгон беттеште өзбекстандык балбан жеңип, кыргызстандык спортчу коло медалдан кол жууп калган.
Хорватиядагы дүйнө чемпионатында болсо Алмаз уулу өчүн алып, финалга жолдомо алды.
Эми алтын медаль үчүн чечүүчү таймашта кыргызстандык балбан КЭДРлик Чонг Сонг Хан менен күч сынашат. Бул беттеш 15-сентябрда өтөт.
57 кг чейинки салмак категориясы
1/16 финал
Гаретт Аустин Саундерс (Канада) – Бекзат Алмаз уулу — 0:11
1/8 финал
Рин Сакамото (Япония) – Бекзат Алмаз уулу — 4:9
1/4 финал
Владимир Егоров (Македония) – Бекзат Алмаз уулу — 5:16
Жарым финал
Бекзат Алмаз уулу – Гуломжон Абдуллаев (Өзбекстан) — 8:0
Финал
Бекзат Алмаз уулу – Чонг Сонг Хан (КЭДР)
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.