Бишкек: Муниципалдык инспекциясынын Мирлан Таалайбеков сабалды

Ак-Ордо турак жай массивинде Муниципалдык инспекциянын начальниги Мирлан Таалайбековду анын унаасына кагылышкандан кийин төрт эркек сабап салышкан.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, окуя 25-октябрда болжол менен саат 02:00 чамасында Ак-Ордо турак жай массивиндеги Өмүр жана Долон-Бий көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Светофордо Мирлан Таалайбековдун BMW үлгүсүндөгү унаасына арт жагынан Toyota Will унаасы келип кагылган. Андан кийин чыккан чырдын учурунда ал унаадагы төрт эркек тарабынан сабалган.

Ленин райондук ИИБнин маалыматына караганда, медициналык кароонун жыйынтыгында бардык тараптардын мас абалында экени аныкталган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Таалайбековду сабоого шектелген төрт адам — Ж.А. (1997-ж.т.), С.А. (1997-ж.т.), Э.А. (1997-ж.т.), С.Э. (1997-ж.т.) убактылуу кармоочу жайга (ИВС) киргизилген.

Мирлан Таалайбеков 2025-жылдын 25-июлунан бери Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Муниципалдык инспекциянын начальниги болуп иштейт. Мурда Бишкек шаардык Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынын инспектору кызматын аркалаган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз