Бишкекте бир кыз балкондон кулап каза болду. Кармалгандар аны өлтүрүүгө шектелүүдө
Бишкекте кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголгонун 27-октябрда «Сводка АКИпресс» агенттигине Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назгүл Иманбаева билдирди.
Кылмыш 24-октябрда Фрунзе көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Балкондон кулап кеткен кыз каза болгон.
«Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча катталды. Жаралган жаңжалдын жүрүшүндө кыз балкондон кулап кеткен», — деп түшүндүрдү Иманбаева.
Шектүү катары 1988-жылы туулган В.Ю. жана 1987-жылы туулган В.Т. аттуу чет өлкөлүк жарандар кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Учурда тергөө жүрүп жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




