Трамп Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларын ноябрь айынын башында C5+1 саммитине чакырды

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлери 6-ноябрда АКШ президенти Дональд Трамп менен Вашингтондо өтө турган C5+1 (Борбордук Азия + АКШ) саммитинде жолугушат, деп жазат "CentralAsia" басылмасы  "Акордо" басылмасына шилтеме берүү менен.

Казакстан президентинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Касым-Жомарт Токаев Трампка саммитке чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, америкалык президенттин саясатын колдоорун айткан.

Бул форматтагы саммит экинчи ирет өткөрүлмөкчү. Биринчиси 2023-жылы БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында Нью-Йоркто өткөн, анда АКШнын президенти кызматын Жо Байден аркалаган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз