Түркияда күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө катталды

Түркиянын Сындыргы шаарында 27-октябрда 6,1 баллдык  жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу жердин бетинен болжол менен 6 чакырым тереңдикте жайгашкан.

Табигый кырсыктын кесепетинен үч имарат жана бир дүкөн кыйрап түшкөн. Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая билдиргендей, бул имараттардын ичинде болгон адамдардын баары эвакуацияланган, жабыркагандар жок.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган социалдык тармактагы X баракчасында жер титирөөнүн силкинүүлөрү коңшу аймактарда да сезилгенин жазды. Анын айтымында, окуя болгон жерде азыр адистер иш алып барышууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз