Луврдан алынган баалуу таштар Франциянын Улуттук банкына өткөрүлдү

Лувр музейиндеги кымбат баалуу зер буюмдардын бир бөлүгү 24-октябрда толук жашыруундук жана жогорку коопсуздук чаралары шартында Франциянын Улуттук банкынын сактагыч жайларына көчүрүлдү. Бул тууралуу RTL радиостанциясы билдирди.

Банк сактагычынын жайгашкан жери жер астынан 26 метр тереңдикте болуп, анда Франциянын алтын запасынын 90% сакталат.

19-октябрда Луврдун Аполлон галереясынан баасы болжол менен 88 миллион евро турган 8 тарыхый зер буюм уурдалган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз