Камерунда дүйнөдөгү эң улуу президент 8-мөөнөткө кайра шайланды – ал 92 жашта
Камерунда 92 жаштагы Поль Бийя кайрадан, сегизинчи ирет, өлкөнүн президенти болуп шайланды. Өлкөнүн Конституциялык кеңеши 12-октябрда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыктарын жарыялады деп, «Би-би-си» кабарлады.
Расмий маалыматтарга ылайык, Бийя шайлоочулардын 53,7 пайыз добушун алган. Анын негизги атаандашы — оппозициялык Камерунду куткаруу улуттук фронтунун талапкери Исса Чирома 35,2 пайыз добуш менен экинчи орунду алган.
Жалпысынан шайлоого Бийядан тышкары дагы тогуз талапкер катышкан. Алардын ичинде президенттин мурдагы эки союздашы да бар, алардын бири — Чирома. Ошол эле маалда бийлик 71 жаштагы оппозиционер, Камерунду жаңылоо кыймылынын лидери Морис Камтону шайлоого катыштырган эмес. Ал 2018-жылдагы президенттик шайлоодо экинчи орунду алган болчу.
Добуш берүү аяктагандан кийин эле Чирома өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Камерундун бир нече шаарларында оппозициянын нааразычылык акциялары өтүп, алар башаламандыктарга жана полиция менен кагылышууларга айланган. Расмий жыйынтыктар жарыяланар алдында эле Чироманын штабы жана жергиликтүү бийлик Камерундун экономикалык борбору — Дуала шаарында болгон башаламандыктар маалында төрт адам каза болгонун билдиришкен.
Поль Бийя — дүйнөдөгү эң кары мамлекет башчысы. Ал 1982-жылдан бери Камерундун президенти болуп келет. 2008-жылы ал президенттик мөөнөттөрдүн санына чектөө койгон мыйзамды жокко чыгарып, өзүнө бийликте мөөнөтсүз калуу мүмкүнчүлүгүн берген. Жаңы жети жылдык мөөнөт ага 100 жашка жакын курагына чейин мамлекет башчысы болуп калууга шарт түзөт.
Бийянын шайлоодогу жеңиштери дайыма добуш жыйынтыктарын бурмалоо боюнча айыптоолор менен коштолот. Анын партиясы — «Камерун элдик-демократиялык кыймылы» жана өкмөт бул айыптоолорду четке кагышат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




