Трамптын активдүү колдоочусунун өлүмү: прокуратура иштин жагдайы боюнча кенен маалымат берди
Консервативдүү активист Чарли Киркти өлтүрүүгө айыпталган 22 жаштагы Юта штатынын тургуну Тайлер Робинсон 33 саат издөөдөн кийин 12-сентябрда камакка алынган, деп жазат "CentralAsia" басылмасы.
«Би-би-си» жазгандай, шейшемби күнү штаттын прокурору Жефф Грей маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттерге Робинсондун ким экенин алгач атасы эмес, апасы тааныганын билдирди. Теледен уулунун сүрөтүн көргөн апасы ага телефон чалып, ал үйдө ооруп жатканын айткан. Андан соң аял жолдошуна кайрылып, ал да сүрөттөгү киши уулуна окшош экенин моюндаган.
Ошол эле маалда Робинсондун атасы байкоо камерасындагы сүрөттөрдө көрүнгөн мылтык таятасы белек кылган куралга окшош экенин байкаган. Ал уулуна «мылтыкты сүрөткө тартып жибер» деп билдирүү жөнөткөн, бирок жооп ала алган эмес. Кийин атасы телефон чалып, уулун үйгө чакырган. Үйгө келген Робинсон өзүн атып салганын кыйыткан жана түрмөгө түшпөш үчүн өлгүсү келгенин айткан.
Прокурордун айтымында, апасы уулу акыркы мезгилде саясатка көбүрөөк аралашып, гейлер жана трансгендерлердин укуктарын жактап, солчул көз карашка ыктап калганын билдирген. Буга анын ошол учурда жынысын өзгөртүү процесси жүрүп жаткан кошо жашаган коңшусу менен мамиле түзгөнү таасир эткен.
Грей журналисттерге Робинсон менен анын өнөктөшүнүн болжолдуу кат алышуусун окуп берди. Анда Робинсон андан «клавиатуранын астынан кат издеп көр» деп суранган.
«Кошо жашаган коңшусу клавиатуранын астынан кат таап, анда: «Менде Чарли Кирктен кутулуу мүмкүнчүлүгү пайда болду, жана мен аны колдонмокчумун» деп жазылганын көргөн», — деди Грей. Прокурордун айтымында, коңшусу ага «Бул тамаша эмеспи?» деп жооп кайтарган.
Кат алышууда Робинсон полициядан кантип качып жүргөнүн да жазган жана өзүнүн жүрүш-турушу тууралуу кабар берип турган. Бир маалда ал Кирк жөнүндө: «Анын жек көрүүсүнөн тажадым. Айрым жек көрүүлөрдү сүйлөшүү менен жок кылууга болбойт» деп билдирген.
Грейдин айтымында, Робинсон менен өнөктөшү анын шаардан качуу планы, мылтыгын жоготкону жана атасына кантип түшүндүрөрү жөнүндө да кат алышкан. Кийин ал багынаарын билдирип, кошо жашаган коңшусун «ЖМКга сүйлөбө, адвокат таап ал» деп суранган.
Буга чейин Робинсондун полицияга багынышын атасы ынандырган деп кабарланган, бирок прокурор Грей муну үй-бүлөнүн досу болгон, отставкадагы полициячы жасаганын айтты.
Прокуратура Робинсонго оор жагдайдагы киши өлтүрүү, курал колдонуу менен кылмыш жасоо, адилеттикке тоскоолдук кылуу боюнча айыптарды койду. Ага кошумча күбөгө кысым көрсөтүү жана бала катышкан жерде зомбулук көрсөтүү боюнча эки айып кошулду. Прокурордун айтымында, Киркти өлтүргөн ок балдардын жанынан учуп өткөн.
Күбөгө кысым көрсөтүү катары кошо жашаган коңшусун «кат алышууларды өчүр, полиция менен сүйлөшпө» деп суранганы бааланууда. Натыйжада жалпы айыптардын саны жетине жетип калды. Прокурор өлүм жазасын талап кылаарын билдирди.
Ошол эле күнү Робинсон алгачкы жолу сотко — видеобайланыш аркылуу алдын ала угууга катышып, айыптарды укту. Прокурор да өлүм жазасын сурай турганын билдирди.
Кийинки сот 29-сентябрга белгиленди.
1976-жылдан бери Ютада жети адамга өлүм жазасы аткарылган. Штатта өлүм жазасы ок атуу жолу менен ишке ашырылат, бул АКШ үчүн сейрек кездешүүчү ыкма.
Журналисттердин «Робинсондун пландарын алдын ала билген дагы бирөө барбы?» деген суроосуна Грей «тергөө уланууда, азырынча башка шектүүлөр тууралуу маалымат жок» деп жооп берди.
Ошондой эле ал дагы бир адамдын — Жорж Зинндин камакка алынганын билдирди. Ага адилеттикке тоскоолдук кылуу айыбы коюлган. Властьтарда анын Робинсон менен биргеликте аракеттенгени тууралуу маалымат жок. Бирок ал атышууга күбө болуп, издөө иштерин адаштыруу үчүн өзү кылмышты жасадым деп жалган билдирген.
Юта штатынын сотуна берилген отчетко ылайык, Робинсондун мурда соттуулугу жок жана зомбулук менен байланышкан кылмыш жасабаган.
31 жаштагы Кирк 10-сентябрда Юта өрөөнү университетинде сөз сүйлөп жаткан учурда атылып өлтүрүлгөн. Робинсон бир күндөн ашык убакыт өткөн соң кармалган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.