Рио-де-Жанейродо полиция менен банданын атышуусунда 64 адам каза тапты

Рио-де-Жанейродо уюшкан кылмыштуулукка каршы ири масштабдагы операция маалында 64 адам өлтүрүлдү. Бул тууралуу G1 жана CNN Brasil маалымат агенттиктери бийлик органдарына шилтеме берип билдиришти.

Каза болгондордун арасында төрт полиция кызматкери жана баңгизат сатууга, ошондой эле жергиликтүү «Кызыл команда» (Comando Vermelho, CV) кылмыштуу тобуна катыштыгы бар деп шектелген 60 адам бар. Атушууда үч жергиликтүү тургун жаракат алган.

Рио-де-Жанейро бийлиги операцияны штат тарыхындагы эң ири деп атады. Анын жүрүшүндө 81 киши кармалып, курал-жарактар жана автоунаалар алынды. Кармалгандардын арасында «Кызыл команданын» бул аймактагы жетекчилеринин бири да бар.

Жалпысынан операцияга 2500дөй полиция кызматкери катышкан. G1 агенттигинин маалыматына караганда, 28-октябрдын таңында полиция кызматкерлери камакка алуу ордерлери менен келгенде, кылмыштуу топтун мүчөлөрү ок атышып, Рио-де-Жанейронун бир нече райондорунда жолдорду тосуп, баррикадаларды өрттөп жиберишкен.

Алемао жана Пенья аймактарындагы операция маалында медициналык жайлар менен мектептердин иши токтотулуп, ок атышуулардан жабыркабаш үчүн айрым коомдук транспорт багыттары алдын ала өзгөртүлгөн.

Рио-де-Жанейро бийлиги уюшкан кылмыштуулукка каршы туруктуу түрдө фавелаларда (жарды кварталдарда) полициялык операцияларды өткөрүп келет. G1 агенттиги жазгандай, Алемао жана Пеньядагы бул жолку операция шаар тарыхындагы курмандыктардын саны боюнча эң чоңу болду. Буга чейин эң кандуу операция 2021-жылдын май айында Жакарезинью фавеласында өткөн, анда полиция кызматкерлери жана шектүүлөрдү кошкондо 28 адам каза болгон.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз