Трамп Израилдин Газага жасаган чабуулу боюнча комментарий берди

АКШ президенти Дональд Трамп шаршемби күнү билдиргендей, Израиль менен палестиндик ХАМАС кыймылынын ортосундагы зомбулук кайрадан күчөп, өз ара айыптоолор жаралганы карабастан, АКШ колдогон Газадагы ок атууну токтотуу келишими тобокелге кирбейт. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Трамп өзүнүн маалыматына таянып бир израиль аскери өлтүрүлгөнүн айтты. «Ошондуктан израилдиктер жооп соккусын урду, алар ошондой кылышы керек эле. Мындай учурларда жооп кайтаруу керек», — деди ал.

АКШ президенти ХАМАсты «Жакынкы Чыгыштагы дүйнөнүн кичине бөлүгү гана» деп атап, алардан тартиптүү болушун талап кылды. «Эгер алар жакшы жүрсө — бактылуу болушат, эгер жаман жүрсө — жок кылынат, алардын өмүрү бүтөт», — деп кошумчалады ал.

Израиль 28-октябрдын кечинде ХАМАСты ок атууну токтотуу режимин бузган деп айыптаган соң Газага сокку урду. Кыймыл бул айыптоолорду четке какты.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз