Экономист эркектер менен аялдардын пенсиялык курагын барабар кылууну сунуштады

Экономика илимдеринин доктору, профессор Сыргак Кыдыралиев 29-октябрда аялдардын пенсия курагына арналган баяндамасы менен чыгып, учурдагы система боюнча альтернативдүү ыкманы сунуш кылды, деп жазат "АКИпресс".

Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө арналган илимий конференциянын башында профессор аудиториянын пикирин билүү үчүн чакан сурамжылоо жүргүздү. Катышкандардын көбү аялдардын эртерээк пенсияга чыгуу идеясын колдошту.

Профессор эл аралык статистиканы келтирди: изилденген 71 өлкөнүн ичинен 50синде эркектер менен аялдар бирдей куракта пенсияга чыгышат. Европа өлкөлөрүнүн көбүндө жана АКШда пенсия курагы эки жыныс үчүн тең 65–67 жаш. Дания 2040-жылга чейин аны 70 жашка көтөрүүнү пландап жатат. Казакстан 2028-жылга чейин пенсия курагын 63 жаш деңгээлинде теңдөө чечимин кабыл алган.

Кыргызстанда аялдар 58 жашта, эркектер 63 жашта пенсияга чыгышат. Ошол эле учурда орточо жашоо узактыгы эркектерде — 68 жаш, аялдарда — 76 жаш. «Орточо эсеп менен эркектер пенсияда 5 жыл, аялдар дээрлик 20 жыл жашайт», — деди профессор.

Кыдыралиев салттуу «аялдар — эне» деген жүйө жетишсиз экенин белгилеп, мындай деди:
«Аялдар 20–40 жаш курагында эне болушат, ал эми биз аларга 58 жаштан тарта жеңилдик беребиз. Бул убакта алардын балдары чоңоюп, активдүү камкордукка муктаж болбойт».

Профессор аялдар менен эркектердин пенсия курагын 63 жаш деңгээлинде теңдөөнү сунуш кылды, бирок аялдар үчүн ар бир бала төрөлгөндө 1,5 жылдык акы төлөнүүчү өргүү берүү менен компенсациялоону сунуштады. Ал өргүү орточо пенсия өлчөмүндө төлөнүшү керек. Эгер аял 3–4 бала төрөсө, ал ошол эле 5–6 жылдык жеңилдикти алат, бирок бул жеңилдик балдарды тарбиялоо үчүн эң зарыл учурга туура келет.

«Бул демографиялык абалды жакшыртууга өбөлгө болот», — деди докладчы. Анын айтымында, эксперттер Кыргызстандын демографиялык абалы жакынкы жылдары начарлап башташы мүмкүн деп божомолдошууда.

Профессор Улуттук банктын маалыматтарын да келтирди: быйылкы жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга $1,5 млрддан ашык акча которуу түшүп, бул ИДПнын болжол менен 17%ын түзгөн. Бул сумма өлкөнүн алтынсыз экспорт көлөмүнө барабар. Эмгек миграциясын колдоо үчүн «ден соолугу чың, билимдүү кадрлар» керек, ал эми аларды тарбиялоо энелердин көңүлүн жана убактысын талап кылат.

Залдагы «бул сунуш кайсы булактан каржыланат?» деген суроого профессор мындай деп жооп берди:
«Мамлекет азыр деле пенсия төлөмдөрүнүн жарымынан көбүн бюджеттик трансферттер аркылуу каржылайт. Демек, бул сунуш жөн гана ошол беш жылдык мамлекеттик колдоону аялдардын активдүү эне болгону учурга — пенсия жашына эмес, бала багуу мезгилине — багыттайт».

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз