Путин: Орусия «Посейдон» аттуу ядролук станциясы бар суу алдындагы аппаратын сыноодон өткөрдү
Орусиянын президенти Владимир Путин 28-октябрда Орусия “Посейдон” аттуу учкучсуз суу астындагы аппараттын сыноодон өткөргөнүн билдирди. Бул тууралуу ал Мандрыка атындагы Борбордук аскердик клиникалык госпиталга барган учурда айтканын «Интерфакс» жазды, деп жазат "CentralAsia".
«Кечээ биз дагы бир келечектүү комплекс — “Посейдон” деп аталган суу астындагы учкучсуз аппараттын сыноосун жүргүздүк. Ал да өзөктүк энергия менен иштейт. Биз алгачкы жолу аны суу алдындагы кемеден старттык кыймылдаткычы менен учуруп гана тим болбостон, атомдук энергетикалык орнотмосун да иштеттик. Аппарат белгилүү бир убакыт бою ошол орнотмодо иштеди», — деди Путин.
Анын айтымында, бул «абдан чоң жетишкендик». Путиндин белгилешинче, «Посейдон» өтө кичине көлөмдө болуп, бирок анын кубаттуулугу “Сармат” аттуу эң заманбап континент аралык ракетанын кубаттуулугунан кыйла жогору.
«Мындан тышкары, бул аппараттын ылдамдыгы жана тереңдикке түшүү мүмкүнчүлүгү жагынан дүйнөдө ага окшош эч нерсе жок жана жакын арада пайда болбойт. Аны тосуп калуу жолдору да жок», — деп кошумчалады Путин.
«Посейдон» — өзөктүк энергетикалык орнотмосу бар учкучсуз суу астындагы аппарат. Ал кадимки да, өзөктүк да жардыргыч бөлүк менен жабдылышы мүмкүн. ТАСС агенттиги жазгандай, «Посейдон» эки мегатоннага чейин күчкө ээ өзөктүк баштык көтөрө алат, ал эми анын максималдуу ылдамдыгы саатына 200 чакырымга жетет. Орусиянын Аскер-деңиз флоту жалпысынан 32 даана «Посейдон» аппаратын алат, аларды төрт суу астындагы кемеге жайгаштыруу пландалууда.
2018-жылдын март айында Владимир Путин Федералдык жыйынга кайрылуусунда алгач ирет Орусия тереңдикте өтө жогорку ылдамдыкта жүрө ала турган учкучсуз суу астындагы аппараттарды иштеп чыкканын билдирген. Бир жылдан кийин Орусиянын Коргоо министрлиги «Посейдон» аппаратынын сыноо видеосун көрсөттү.
2025-жылдын октябрь айынын аягында Кремлдин басма сөз кызматы Путиндин аскердик жетекчилик менен «Буревестник» ракетасынын сыноосун талкуулап жаткан видеосун жарыялады. Андагы маалыматка ылайык, өзөктүк кыймылдаткычы бар ракета 21-октябрда сыноодон өткөн. Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимовдун айтымында, ракета 14 миң чакырым аралыкты басып өтүп, болжол менен 15 саат абада болгон.
АКШнын президенти Дональд Трамп «Буревестник» ракетасынын сыноосу тууралуу Путиндин билдирүүсүн «жарашпаган» деп мүнөздөдү. Ал ошондой эле: «Алар билишет, биздин дүйнөдөгү эң мыкты атомдук суу астындагы кемебиз алардын жээктеринде турат. Ошондуктан бизге сегиз миң миль уча турган ракета керек эмес», — деди.
Америкалык Nuclear Threat Initiative аналитикалык борбору АКШнын чалгын кызматтарынан алынган маалыматка таянып, 2017–2019-жылдары Орусия «Буревестник» ракетасын кеминде 13 жолу сынаганын, бирок алардын экөөсү гана «жарым-жартылай ийгиликтүү» болгонун жазган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




